Анда ишкерлердин кризиске каршы чараларды өкмөт иштеп чыгып, турмушка ашырыш керек деген талабы колдоого алынган. Бакыт Бешимов ошондой эле Салык кодекси ачык жана түшүнүктүү болуп, салык төлөөчү адам салык органдары менен минималдык байланышта болушун камсыздоо зарылдыгын белгилеген. Социал-демократиялык фракция лидери “Ак жол” фракциясы көптүккө салуу менен кабыл алган Салык кодекси мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей албай турганын, энергетикалык кризистин башаты начар башкарууда экенин атап, өкмөттү ишкерлерди карай жүз бурууга чакырган. (AiT)