Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

“Жарандар коррупцияга каршы” борбору Жалал-Абатта коомдук талкуу өткөрдү


Борбор парламенттеги партиялар тууралуу өлкөнүн бардык облустарында сурамжылоо жүргүзгөн. Анын жыйынтыгын уюмдун Оштогу кеңсесинин деректири Алима Шарипова адам укугун коргоочулар жана партиялардын, бийликтин өкүлдөрүнө тааныштырды. Шарипованын белгилешинче, жарандар бийликтин иштерин “Ак жол” партиясы аткарды болуп жар салынганын белгилешкен. Маяна, жөлөк пул, пенсияларды көбөйтүүгө партиялар салым кошуп, бирок коррупцияга каршы күрөшпөгөнүн билдиришкен. Энерготармактарды менчиктештирүү, стратегиялык жайлар, демонстрация, жөө жүрүш, митинг өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө кабыл алынган мыйзамдарды элге каршы мыйзам деп баа беришкен. “Ак жол” партиясын коррупцияны жана Ысык-Көлдөгү пансионаттарды жеке менчикке берүүнү колдоду деп айыпташып, Тажикстан менен чек араны тактоо сунушун кубатташкан. Ал уюмду бийликчил, Компартияны ортомчул, Социал-демократтарды оппозициялык деп түшүнөөрүн айтышкан, деп билдирди Алима Шарипова. “Акжолчулар” жогорудагы пикирлерди четке кагышты. (YA)

XS
SM
MD
LG