- Жумакадыр мырза, сиз мүчөсү болгон Коомдук Ордо Кеңеш алгачкы жыйынына бүгүн чогулат экен, анын күн тартибине кандай маселелер коюлууда?
- Бүгүн кеңештин мүчөлөрү чогулуп, Ордо Кеңештин төрагасын, орун басарын жана катчылыгын шайлайбыз.
- Негизи эле Ордо Кеңешке кандай ыйгарым-укуктар берилген жана ал кандай чечимдерди кабыл ала алат?
- Ордо Кеңешти түзүү тууралуу жардык чыккандан кийин, жардыкка улаалаш жарыяланган маалымдамада Ордо кеңеш кандай иштерди аткара алаары көрсөтүлгөн. Ошол боюнча, биз Ордо Кеңеш болгондуктан коомчулуктун атынан мамлекеттеги ар бир иш менен таанышып, аны көзөмөлдөп, жыйынтыгы боюнча жетекчиликке, коомчулукка өзүбүздүн сунуштарды берүүгө укугубуз бар экен. Жалпысынан президенттин администрациянын, өкмөттүн, парламенттин, соттун иши менен таанышып, кандай иштер болуп жатканын көрүп, өзүбүздүн пикирди билдиргенге мүмкүнчүлүк болот экен.
Эми төрага, анын орун басары, катчылыкты шайлагандан кийин өзүбүздүн регламентибизди бекитебиз. Анан Ордо Кеңештин иши азыр Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Коомдук Ордо Кеңеш жөнүндөгү” мыйзамда көрсөтүлөт. Ал мыйзам менен биз азырынча тааныш эмеспиз. Бирок ага толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүүгө сунуш берүүгө бизге мүмкүнчүлүк болот.
- Ордо Кеңештин жыйыны сессия иретинде чакырылып турабы?
- Бүгүн ошонун баарын талкуулайбыз. Менин билишим боюнча, Ордо Кеңештин төрагасы, андан кийин үч-төрт кишиден турган аппарат туруктуу иштейт экен. Ал эми биз болсо бир-эки айда бир жолу чогулуп, жогоруда аталган иштерди талкуулайт экенбиз. Анын ортосунда ар түрдүү тармактар боюнча комиссиялар түзүлүп, керектүү маселелерди иликтеп, пленардык отурумга алып чыгууга мүмкүнчүлүк берилет экен.
- Сизге экономист катары суроо берсем деп жатам, бул Ордо Кеңеш чиновниктердин санын көбөйтүп, бюджеттик каражаттарды чачуу эмеспи?
- Жок. Эч андай болбойт. Анткени баарыбыз өзүбүз иштеген ишибизди уланта беребиз. Коомдук Ордо кеңештин мүчөлөрүнө айлык төлөнбөйт. Мүмкүн Кыргызстан аймагы боюнча кыдырууга чыкканда каражат керек болот болушу керек. Бирок негизи Ордо Кеңешке кайрылууга коомчулукта жана элде мүмкүнчүлүк болот. Биз өзүбүз эле иштей бербейбиз. Биз түздөн-түз элге, коомчулукка кайрылып, парламент, өкмөт кандай иштеп жатканы тууралуу оюн угуп, кайрылуусун алабыз. Чиновниктер тарабынан каралбай калып жаткан маселелерди биз аркылуу чечүүгө аракеттенебиз. Биз ал маселелерди коомчулукка алып чыгып, сыналгы, үналгылар аркылуу жеткирүүгө аракет жасабыз.
- Ордо Кеңешке оппозициялык саясатчылардан, оппозициялык маанайдагы өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдүн кирбей калышы бул уюмду аксак уюмга айлантып койбойбу?
- Жок, андай болбойт. Анткени Ордо Кеңеш бардык жагынан ачык. Ким келип андай оюн айтам десе ачыкпыз. Ошон үчүн бул бир жакты көздөп гана түзүлдү дей албайбыз. Ордо Кеңештин эшиги дайыма ачык болот. Кандай маселе болбосун аны талкууга алып чыгууга, бардык тараптын оюн угууга даярбыз.
- Ордо Кеңештин туруктуу жайгашкан жери кайсы жер болот?
- Азырынча Мамлекеттик тарых музейинде турат экенбиз. Ал жерде бир-эки бөлмө берилет. Андан сырткары алардын залына эркин чогулуп, кандай маселе болбосун эртеден-кечке талкууга мүмкүнчүлүк болот.
- Маегиңизге рахмат.