“Ак кула” ат майданындагы Көк бөрү улуттук оюну 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө арналып, 19-февралда башталган. Бүгүн финалдык беттешүү болуп, анын жеңүүчүлөрү аныкталат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, улак тартышка Ош,Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустук, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын, министрликтин борбордук аппаратынын, мамлекеттик күзөт, жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын кызматкерлеринен түзүлгөн командалар катышууда. Баш байге “Ваз-2107” автоунаасы, экинчи орунга 150 миң сом, үчүнчү орунга 100 миң сом байге коюлган. (AJ)