Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

НАТО Ооганстандагы кырдаалга сереп салууда


НАТОнун Коргоо министрлери альянстын Ооганстан боюнча стратегиясын кечээ кайра карап чыгышты. Польшанын Краков шаарындагы жыйында Түндүк альянстын баш катчысы Яап де Хооп Схеффердин айтымында, Ооганстандагы согушкерлер Пакистандагы абалды да бейстабилдештирип жатышкандыктан уюм ооган жаңжалына регионалдык көз караштан мамиле жасаш керек. АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс шериктерди август айына белгиленген шайлоо алдында Ооганстанга кошумча аскер жиберүүгө үндөдү. Жыйын катышуучулары ошондой эле кайра куруу жана демократияны жайылтуу иштерине көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.НАТОго мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин жыйыны бүгүн уланат.

XS
SM
MD
LG