“Кыргызстан патриоттору” партиясынын лидери Алмаз Орозбаков парламенттин бул чечиминен кийин АКШ эми Кыргызстанга сыртын салып калышы ыктымал деп ой жоруйт. “Орусия кризиске шылтоолоп, же дагы башка себептерден улам убада кылган насыясын бере албай калса, Кыргызстан уят болот. Кыргызстан кызыкчылыктары Орусиянын өздүк кызыкчылыктарынын жетегинде калабы деген коркунуч бар”– деп тынчсызданат саясатчы. “АКШ үчүн жаңы авиаза табуу кыйынга турбайт. Ал эми Кремль Кыргызстанга жардам бере коет деген жүз пайыз кепилдикти бизге азыр ким бере алат? –деп суроо коет А. Орозбаков. (EK)