Бул тууралуу фракциянын лидери Улукбек Ормоновдун кеңсесинен бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, шаршемби күнү боло турган фракциянын жыйынын күн тартибинде биринчи болуп Манастагы АКШнын базасын чыгаруу маселеси турат. Депутаттарга бул маселе боюнча тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевдин маалымат бериши белгиленген. “Ак жол” фракциясы Жогорку Кеңеште көпчүлүк добушка ээ.(AiT)