Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Жалал-Абат: Россиянын акчасы үчүн АКШ аскер базасын жабуу керек эмес


Жалал-Абат облусунун айрым тургундары кыргыз бийлигинин “Манас” аба бекетинен коалициялык күчтөрдүн аскер базасын чыгарууну колдобой тургандыгын билдирүүдө. Алардын белгилешинче базанын Баткен коогалаңында жана Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдөгү салымын эстен чыгаруу болбойт.

Компартиянын Жалал-Абат облустук комитетинин 1-катчысы Тагайбек Жаркынбаев “Манас” аскер базасын жабууну коммунисттер көп жылдардан бери көтөрүп, акыры максатына жеткендигин билдирди:

- Президент Курманбек Бакиев бул чечимди Конституция боюнча бир аз кечирээк кабыл алып койду. Кандай болсо дагы бул туура. Себеби 7 жылдан бери коммунисттер фракциясы АКШнын авиа базасы боюнча маселе көтөрүп жүргөн. Бул каралбай жүргөн болчу. Бул сапар маселе туура чечилди деп ойлойм.

Облустун тургуну Сагын Данбагаров “Манас” аба бекетинде турган Кошмо Штаттардын учактарын чыгаруу жөнүндөгү кыргыз бийлигинин чечимин жактап чыкты. Анын айтымында чет элдик учактар өлкөнүн табиятына залакасын тийгизүүдө. Террорчулукка каршы күрөштү Россия менен бирге жүргүзүү керек. Бирок аскер базасын жабуу жөнүндөгү чечимди Москвада туруп жарыялоо ыңгайсыз болду деп эсептейт Сагын Данбагаров:

- Американын авиа базасынын Кыргызстандан чыгарылганы жакшы болду. Журналисттердин көбү нааразы болуп атат Москвада жарыя болду деп. Көрсө чечим Москвага чейин эле бизден чыккан экен мен теледен уктум. “Алыскы туугандан жакынкы коңшу” дейт, Америкага караганда биз Орусия менен жакын болгонубуз жакшы. Америка терроризмге каршы күрөшөбүз деген менен, алардан жакшыраак Москва менен терроризмге каршы күрөшсөк деле болот.

Айдоочулук менен үй-бүлөсүн баккан Кубанычтын айтымында “Манас” аскер базасынын Баткен аймагына чет элдик жоочулар кирип келгенде өтөгөн эмгегин унутуп жиберүү туура эмес. АКШнын аскерлери Кыргызстанга жайгашуу менен Ооганстандагы террорчуларга каршы аскердик зарыл жүк жеткирип, өлкөнүн нечендеген жарандарын жумуш менен камсыз кылды. Аба базасы төлөгөн акчалардын өкмөттүн казынасына, же жеке менчик ишканаларга түшкөнү, анын кайда жумшалганы тууралуу элге так маалымат берилип турса болмок.

Жалал-Абат шаарынын тургуну Нурбек Касымбековдун көз карашы боюнча АКШнын аскер базасы өлкөгө экономикалык жактан кыйла пайда келтирди. Россиядан карыз акча алуу үчүн эле “Манас” базасын жабуунун кереги жок болчу. АКШнын президенти Б.Обаманын Ооганстанга кошумча күчтөрдү жөнөтүү жөнүндөгү чечимин колдоо абзел:

- 17 жарым млн. доллар аренда акысын төлөп турган. Андан тышкары Кыргызстандан 100 миллиондун тегерегинде товар алып турчу экен. Жалпысы болуп 150 млн. доллар Кыргызстандын экономикасына иштеп турган. Эмне үчүн биз базаны чыгарышыбыз керек. Жаңы президент Обаманын курсу боюнча Ооганстанда жаңы күчтөндүрүү каралып жатканын баарыбыз билебиз. Ушундай мезгилде биз антитеррористтик компаниядан өзүбүздү четке алып чыкканыбыз менимче туура эмес.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG