Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

“Ата Мекендин” Ысык-Көл районундагы штаб башчысы 4 жылга соттолду


2004-жылдары Ысык-Көл райондук айыл чарба башкармасы болуп иштеген Бейшемби Ибраев облустук соттун чечими боюнча 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Ага Тамчы айылындагы элге тиешелүү 16 гектар өрүк багын сатууга кол койгон деген кине тагылды. Бирок Бейшемби Ибраев бул мыйзамга каршы келээрин жана ал 2004-жылдагы агрардык жер реформасынын жобосунун негизинде айыл өкмөткө макулдук берилгенин ырастады. “Ата Мекен” партиясынын райондук штаб башчысынын соттолгону анын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырылууда. (RB)

XS
SM
MD
LG