Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

Президент К.Бакиев Москвада


3-февралда Кремлде Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен Орусиянын лидери Дмитрий Медведев жолугушуп, экономика жаатында сүйлөшүп, кызматташтык тууралуу келишимдерге кол коюшту. Анын ичинде көптөн бери айтылып келе жаткан Москванын Бишкекке 2 миллиард доллар өлчөмүндө насыя бөлүү маселеси болду.

Кремлде журналистер алдында айткан оюнда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев
“жакында Кыргызстандын өкмөтү кыргыз жеринен америкалык аскер базанын мөөнөтү бүткөндүгү тууралуу чечим кабыл алды” деп билдирди.

Маалымат агенттиктер тараткан кабарларга ылайык, Медведев-Бакиев жолугушуусунун жыйынтыгында Камбарата-1 ГЭСин курууга Орусия көмөк көрсөтөрү маалым болду.

Мындан сырткары президенттер экономикалык жана насыя үчүн кор тармагын өнүктүрүү боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташтык тууралуу меморандум жөнүндө макулдашты.

Ошондой эле Орусия Кыргызстандын Москвага 180 миллион доллар карызын “Дастан” ишканасынын 48 пайыз акциясына алмашууга макулдугун берген.

Орусиялык серепчи Артур Улуняндын айтымында, мындай каражат бөлүп жардам көрсөтүү ар кыл мамлекеттер арасында дайыма болуп келген. Кеп ал каражаттардын кайда кетеринде, дейт серепчи. Бир нече апта мурда америкалык базаны Кыргызстандан чыгарып, анын акысына Орусиядан кандайдыр бир жардам алуу туурасында кеп болгон. “Ошол божомолдор аткарылды” дейт Улунян мырза:

- Кыргызстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан Орусиянын ал шайлоого колдоо көрсөтүшү үчүн Бакиев кам көрүүдө.

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин иш сапары шаршембиде да уланат.

XS
SM
MD
LG