Талас облусундагы жергиликтүү бийликтин өткөн аптада оппозициячыл саясатчыларга каршы уюштурган иш аракеттери боюнча Акыйкатчы Турсунбек Акун коомчулукка билдирүү жасаары күтүлүүдө. Анын айтымында, эркин жыйындарды өткөрүүгө чек коюлган мыйзам Конституцияга карама-каршы келип, эл аралык стандарттарга туура келбейт. Ошондуктан буга байланыштуу мыйзамдын атаандаш долбоордун түп маңызын карап чыгып, кабыл алуу зарылдыгы келип чыкканы тууралуу өлкө жетекчилигин ынандырууга үмүттөнүп жатканын кошумчалады. (AJ)