Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама шейшембиде Вашингтондо аяктай турган темир жол саякатын баштоодо


20-январда ал Американын 44-президенти жана алгачкы кара түстөгү мамлекет башчы катары ант бермекчи. Жолдо ал Филаделфияда токтомокчу. Ал шаарда 1776-жылы АКШнын түптөөчүлөрү Британиядан көз карандысыздыкты жарыялашкан. Сапар Абраам Линколндун 1861-жылы инаугурациясына барган жолунун акыркы бөлүгүн кайталайт. Линколн өз кезинде Обамадай Иллинойс штатынан мыйзам чыгаруучу болчу.

XS
SM
MD
LG