1998-жылкы үлгүдөгү дипломаттык жана кызматтык паспортторду кайра каттоодон өткөрүү үчүн мындай документ ээлерине эки айлык мөөнөт берилди. Тышкы иштер министрлигинин маалымдаганы боюнча бул иш-чара дипломаттык жана кызматтык паспортторду берүүнү жана сактоону көзөмөлдөөнү күчөтүү жана тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө. ТИМдин консулдук департаменти тиешелүү түрдө кайра каттоодон өткөрүлбөгөн документтер жараксыз деп эсептелерин да эскертүүдө.(ZKo)