Бүгүн президент Курманбек Бакиев «Кыргыз Республикасынын Баатыры» деген жогорку артыкчылык даражасы бар адамдарга эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык баатырлык жогорку артыкчылык даражасына татыктуу болгон адамдарга 2009-жылдын 1-январынан тартып эмгек акылары 100%га жогорулатылды. Өкмөткө жаңы өлчөмдөгү эмгек акыны төлөө үчүн зарыл каражаттарды табуусун жана өз чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирүүсү тапшырылды. Жарлык 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (AJ)