Шайлоо, Референдумдарга добуш берүү –жарандардын демократиялык укугу, аны чектөөгө эчкимдин акысы жок. Мындай билдирүүнү “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы таратты. Билдирүүдө айтылгандай шайлоо, референдумдарды өткөрүү дем алыштан иш күнүнө которулса, бийлик үчүн бул жараянды өз көзөмөлүнө алууга жакшы шарт түзүлөт. “Буга чейин аскерлерди шайлоого тизип алып келип жүрүшкөн болсо, эми мамлекеттик кызматтагыларды шайлоого катыштырууга оңой болот,” деп белгилешет билдирүү ээлери. Коалиция лидери Динара Ошурахунованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча демократияны жактаган бейөкмөт уюмдар 25-декабрда ЖК тарабынан кабыл алынган “Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу” мыйзамга каршы чаралар көрүшмөкчү.(ZKo)