Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власовдун куттуктоосунда өтүп бараткан 2008-жыл орус-кыргыз кызматташтыгы бардык тарабынан өнүккөндүгүн белгилейт. Элчи буга Орусия президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга жасаган иш сапары өбөлгө болду, деп эсептейт. Ошондой эле элчи куттуктоосунда 2008-жылы эки эл үчүн чоң жоготуулар болгондугу да айтып, кыргызстандыктарга келе жаткан жаңы жылда бакубат жашоо каалап кеткен. (ZKo)