Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Чүйдө электр энергиясына байланышкан нааразылык акциялары башталды


Алгачкылардан болуп нааразылык акциясын Москва районундагылар өткөрдү. Уюштуруучулардын айтымына караганда кечээ жергиликтүү бийлик акциянын өтүшүнө байланыштуу эскертүү берип жана ар кандай коркутууларга чейин барышкан. Бирок бүгүн нааразылык иш чарасы эч кандай мыйзам бузуусуз өттү. Чогулгандар иш чаранын соңунда төрт бөлүмдөн турган резолюция кабыл алышты. Анда негизинен электр энергиясын бөлүштүрүү компанияларын менчиктештирүүнү токтотуу же аны жалпы элдик добушка коюу талабы жазылган. Ошондой эле 22-декабрь күнү Чүй облусунун ар бир район борборунда каршылык акциясын уюштуруу маселеси көтөрүлдү. "Азырынча жергиликтүү бийлик мындай акцияларды өткөрүүгө каршылык көрсөтпөйт",- деп билдирди губернатордун биринчи орун басары Т. Султаналиев. (JJ)

XS
SM
MD
LG