Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:14

Орусияда оппозициялык “Тилектештик” кыймылы уюшулду


Москва алдындагы Химки шаарчасында ишемби, 13-декабрда жаңы оппозициялык «Тилектештик» кыймылдын уюштуруу курултайы өттү. Форумга орусиялык 42 аймактардан делегаттар катышканы турасында Каспаров.ру сайты жазат.

«Тилектештик» кыймылына Бириккен жарандар фронту, мурдагы Солчулдар күчтөрү союзунун жана “Яблоко” партиясынын өкүлдөрү ошондой эле Орусиялык элдик-демократиялык союздун кайсы бир мүчөлөрү киришкен.

Курултайдын делегаттары кыймылдын жетекчилерин шайлап, алдыдагы иш чараларды талкууга алышкан. Жаңы түзүлгөн кыймылдын жетекчилигине ОГФ лидери Гарри Каспаров, Солчулдар күчтөрү союзунун мурдагы лидери Борис Немцов жана башкалар шайланышкан.

Жаңы уюшулган опозициялык кыймыл курултайы Виктор Цойдун “Өзгөрүү! Өзгөрүү талап кылабыз!” деген ырын «Тилектештикке» гимн кылып аларын айткан.

Орусиялык «Тилектештик» поляктар профсоюз кыймылы ойлоп тапкан «Солидарность» сыңары бийлик менен бетме-бет олтуруп күрөш жүргүзүүнү максат кылып коерун белгилеген.

«Тилектештиктин» учурда кызуу колго алчу маселеси ишсиз калып аткан жумушчуларга колдоо көргөзүү болорун Борис Немцов айтат:

- Бийликтин паракор, былыгы көп, колунда ишин аткара албашын көргөндө, демейде, калк оппозицияга көңүл бурушат. Азыр Орусияда дал ошондой көз ачылуу, бардыгын түшүнө билүү кези келди.

Жаңы кыймыл жетекчилеринин бири Гарри Каспаров болсо:

- «Тилектештик» өлкөдө саясий атаандаштыкты калыбына келтирүү дымагын колдогон жаатын барын ынтымакташы катары эсептейт.

Ошол себептен Каспаров алдыда милдет, куду 1990-жылдагыдай «Орусиялык демократиянын» оппозициялык кыймылынын канатын кең жайдыруу, ага шарт түзүү экенин билдирди.

Ошол эле учурда «Тилектештик» кыймылга кошулуудан «Яблоко» партиясы, Михаил Касьяновдун Орусиялык элдик-демократиялык союзу жана сот өкүмү менен жабылган Владимир Рыжковдун партиялары баш тартышкан. Ал эми курултайга келип берген «Демократиялык союз» партиясынын лидери Валерия Новодворская кыймылдын солчулдар менен табакташ болушуна таптакыр каршы. Новодворская мындай дейт:

- Кремль шахматты кара түс менен ойноп атат. Биз – ак түс менен. Кызыл түс менен ойноо болбойт да.

12-декабрда Башмыйзам күнүн белгилөө учурунда өлкөнүн жетекчиси Медведев эл алдында сүйлөп жатканда, ал жыйынга катышып олтурган «Биз» кыймылынын мүчөсү Роман Доброхотов ордунан тура калып, «адам жана атуулдар укугун бузган - силер!» - деп бийликти айыптай кыйкырып калган. Ошондо, ал жерде кайтарыкта тургандар, уланды кармап залдан алып чыгып баратканда, президент Дмитрий Медведев “ачыгын айтканда, ар бир адамдын жеке көз карашын билдирүү үчүн Башмыйзам кабыл алынган. Бул да өз алдынча көз караш. Аны сыйлоого уруксат бар”, деп, Доброхотовду бошотууга уруксат берген.

Доброхотовду милиция кызматкерлери залдан чыгарып ийишкен, бирок эртеси ал иштеп келаткан «Москва сүйлөйт» үналгы аны кызматтан бошотуп салган.

Химки шаарчада курултайга кайра келсек, ал ачылар алдында Кремлдик жаштар ичине аксак кой солонгон бир автобусту айдатып келип делегаттар алдына түшүртүшкөн. Каспаров.ру сайты болсо аксак койлордун жонуна «тилектештик» деген жазуулар жазылганын жана арасында өлүп калгандары да болгонун белгилейт.

Жекшемби күнү, 14-декабрда Владивосток шаарында унаа айдоочулар жол тосуп, ага 2 миңдей машине айдагандар катышкан. Алар машинелерине кызгылт сары малам байлап көчө тосушкан. Чакырыктары: «Бажылык салыкка каршыбыз!», «Жумуш издейбиз!», «Орусияга керегибиз жок!» - деген жазуулар болуптур.

Ошол эле күнү Москвада да бийликтен уруксаты жок отставкадагы генералдардын көчөгө чыгусу болду. Кабарларга караганда, алардын арасынан бери дегенде 50 киши кармалган, арасында Советтик офицерлер союзунун жетекчиси Алексей Фомин бар делинет.

Москва менен Санкт-Петербургда «Макул эместер маршы» да бул күнү уруксатсыз көчөгө чыгуу аркеттерин жазашты. Москванын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, бул калаада маршка чыккандар арасынан 90 киши кармалган. Арасында «Башка Орусия» кыймылынын лидери Э.Лимонов, «Биз» кыймылынын лидери Роман Доброхотов жана бир нече журналистер бар. «Биз» кыймылы болсо «Путиндин ордуна Пушкин» аталышта акция жүргүзгөн. Ошондой эле бул акцияларга азырынча «Тилектештик» кыймылынын катыштыгы жок экени дайын болот.

XS
SM
MD
LG