Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Мумбайда террористтер менен тиреш бүтө элек


Индиянын Мумбай шаарында бир мезгилде бир канча жерде орун алган чабуулдарда 150ге чукул кишинин өмүрү кыйылып, 300дөн ашыгы жараат алды.

Мумбай Индиянын экинчи ири шаары жана өлкөнүн финансылык борбору. Ушул жерде шаршемби күнү катуу куралданган согушкерлер он чакты жерден күтүүсүздөн чабуулга өтүп, туш келди ок ачып, граната жардырышты. Алар кол салган жерлердин тизмесинде киши көп каттаган кафе, оорукана, темир жол бекети жана чет элдик туристтер жык-жыйма беш жылдыздуу эки мейманкана болду. Сыналгыдан жүк ташыган машинада бараткан куралчандар көчөдө бараткан элди туш келди аткылаганын көрсөтүштү.

Бир жардыруунун күбөсү Ройтерс агенттигине аялы кантип жараат алганын мындайча айтып берди:

– Мен темир жол бекетинде алты киши менен болчумун, арасында апам да бар, айлыбызга баратканбыз. Биз поездге түшкөнү жатканда менин жүгүмөн бир нече кадам жерден бомба жарылды. Мен жүктү ала турган болгондо ок атылып, аялыма тийди.

Кол салгандар Тажмакал жана Триден/Оберой деген беш жылдыздуу эки мейманканада кишилерди барымтага алышты. Коопсуздук күчтөрү ондогон кишини куткарды, бирок согушчандар толугу менен кармала элек.

Бийликтеги Бириккен прогрессивдүү биримдик өкмөттүн жетекчиси Соня Ганди Мумбайдын тургундарын сабырдуулукка үндөдү:

- Мумбайдагы кара өзгөй террордук чабуул суу жүрөктөрдүн колунан келди. Көп санда карапайым кишилердин өмүрү кыйылды, бул кандуу кыргында андан да көп киши жараат алды. Мен Мумбайдын тургундарын бул кыйын мезгилде сабырдуулук көрсөтүп, бек турууга чакырам.

Калкка кайрылуусунда премьер Манмохан Сингх чабуулдар мыкты уюшулганын белгилеп, алардын "сырт жак" менен байланышы бар болуш керек деген божомолун билдирди. "Сырт жак" деп Индияда адатта коңшусу Пакистанды тергешет.

Кан төгүү үчүн жоопкерчиликти буга чейин эч ким билбеген "Деккан Можахедин" деген исламчыл топ өзүнө алды. Индиянын сыналгысына Тридент/Оберой мейманканасынан сүйлөгөн бир согушкер Индиянын түрмөлөрүндөгү бардык исламчыл согушкерлерди бошотууну талап кылды.

Мумбайда буга чейин да террордук чабуулдар болуп келген. Анын ичинде 2006-жылдын июль айындагы бир нече бомба жардыруусунда 187 киши набыт болгон. Бирок алардын бири да азыркысындай, ачыктан ачык чет элдиктерди бутага алган эмес. Жогоруда айтылган эки мейманканада барымтага алгандардын арасында америкалыктар, британдар, италяндар, шведдер, канадалыктар, йемендиктер, жаңы зелландиялыктар жана Израилдин жарандары болду.

Нью-Делидеги Тынчтыкты жана жаңжалдарды изилдөө институтунун эксперти Сандееп Хардваш "Азаттык" менен маегинде бул жолку кол салгандар аты чыкпаганда жер өрттөгөндөр болуп жатат деген ишенимин билдирди:

- Алардын эл аралык деңгээлде таанылууну максат кылгандыгы даана көрүнүп турат. Түштүк Азия учурда террордук эң катуу запкы тарткан аймактардын бири болуп саналат. Бирок эл аралык маалымат каражаттары Индиядагы терроризм тууралуу дээрлик жазбайт.

Соңку чабуулдар эл аралык коомчулукта катуу нааразылыкты пайда кылды. Европа Комиссиясы аны "карасанатай террордук кол салуу" деп мүнөздөдү. Вашингтондо Ак үй америкалык белгилүү анти-террорчу адистер менен жыйын өткөрүп, Индиянын өкмөтүнө жардам көрсөтүүгө убада кылды.

XS
SM
MD
LG