Лиссабон келишиминин айрым беренелеринин Чехиянын башмыйзамына ылайыктуулугун аныктап берүүнү Конституциялык соттон Жарандык-демократтык партиянын сенаторлорунун чакан тобу сураган. (Жарандык-демократтык партия-ЖДПны Чехиянын азыркы президенти Васлав Клаус негиздеген). Аларды коммунисттер фракциясы да колдоп жаткан. Келишимде өлкө конституциясына коошпогон беренелер болсо, башмыйзамга тийиштүү өгөртүүлөр киргизилмейин, аны парламент бекитпеши керек деп жатышкан сенаторлор.
Чехиянын Конституциялык сотунун шаршемби күнкү чечими берегидей пикирди төгүнгө чыгарды:
- Конституциялык сот Лиссабон келишиминин Сенат шектенген сегиз беренесинин башмыйзамга ылайыктуулгун карап көрдү. Анын негизинде: Лиссабон келишиминин береги беренелери Чехиянын конституциялык түзүлүшүнө каршы келбейт, -деп билдирди соттун өкүлү Гуттлер.
Чех президенти Васлав Клаус Евробиримдиктин ичиндеги Лиссабон келишиминин көрүнүктүү сынчыларынын бири. Европа конституциясы сыяктуу эле «Реформалар жөнүндөгү» бул келишимдин зарылдыгы жок. Себеби, вето укугу жок жана чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынгандыктан, Брюсселде кабыл алынган мыйзамдар Чех парламенти бекиткен мыйзамдарды жокко чыгарат, деп санайт Клаус.
Чехиянын Конституциялык сотунун чечими, «Азаттыктын» серепчиси Ефим Фиштейн айткандай, улуттук парламентке Лиссабон келишимин ратификациялоо жараянын баштоого жол ачат:
-Соттун чечими маанилүү. Анткени, бул Чех парламентинин Лиссабон келишимин ратификациялоосуна жол ачат. Чехия Евробиримдиктеги келишимди бекитпеген эки өлкөнүн бири болчу.
Ефим Фиштейн Чехиянын Конституциялык сотунун чечими-Евробиримдиктеги бийлик кризисинен чыгууга мүмкүндүк берет деп боолгойт:
-Акыркы мезгилде Евробиримдикте байкалган бийлик кризиси негизинен аяктады деп айта алабыз. Чех парламентинин эки палатасы жыл соңуна дейре же келерки жылдын башында келишимди ратификациялайт, деп жоромолдойт Фиштейн.
2009-жылы Чехияга Биримдикке төрагалык кылуу кезеги келгендиктен, европалык жана чехиялык саясатчылар соттун чечимин чыдамсыздык менен күткөн.
Биримдикке мүчө 27 өлкөнүн лидерлери 2007-жылдын декабрында кол койгон Лиссабон келишимин уюмдун бардык мүчөлөрү жактырган соң келерки январдан тартып күчүнө кириш керек. Бирок, 12-июндагы референдумда ирландиялык шайлоочулардын 53 проценти Евробиримдиктин иштөө принциптерин аныктаган келишимге каршы добуш берген. Ирландия-келишимди улуттук референдум өткөрүп ратификациялан бирден бир өлкө.