Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

О. Дүйшеев: Кумтөрдө миллиард доллардан кол жуудук


Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Кумтөр боюнча мурунку өкмөт башы А. Атамбаевдин тушунда канадалыктар менен түзүлгөн келишимди жаратпай коюп, Кыргызстан азыркы учурда он эселеген зыян тартып жатат.

-Сиз канадлыктар менен “Кумтөр” боюнча мурунку сүйлөшүүлөргө катышкан элеңиз, андан кийин башталган сүйлөшүүлөр ушул ноябрь айында аяктайт деп айтылды эле, бирок андай болчудай көрүнбөйт. Быйыл жаңы келишимге жетишүү мүмкүн деп ойлойсузбу?

- Кумтөр маселеси 94-жылдан бери эле келатат талаш-тартыш менен. Өткөн жылы премьер-министр Алмаз Атамбаевдин сунушу менен эксперттик комиссия түзүлүп, абдан жакшы чечим кабыл алынган. Мына бүгүнкү күндөгү эң жакшы, туура чечимдерден ошол болот.

Ал эми бүгүнкү күндөгү жүргүзүлүп жаткан акыбал тоо кен өнөр жайындагы улам тереңдеп бараткан кризистин күзгүсү. Мына “Кумтөрдө” жасалып аткан иштерди ошого мисал катарында карасак болот.

Жаңы өкмөт февраль айында комиссия түзгөн, ал боюнча үчүнчү жетечиси иштеп атат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бир дагы сунуш, бир дагы адистердин катышканын укканыбыз жок.

Эми айтып коелу, өткөн Атамбаевдин комиссиясында Кыргызстанда биринчи жолу тоо өнөр жайынын адистери катышып, анан биз абдан изилдеп туруп чечкен элек. Бул бүгүнкү күндөгү Кыргызстанга эң пайдалуу чечим деп мен чечкиндүү айта алам.

-Ошол жетишкен келишимди кабыл албай койгондон кийин өлкө канчалык зыян тартып жатат деп ойлойсуз?

-Мен сиздерге цифра менен айтып коеюн. Ошол чечимди кабыл алгандан кийин Кумтөр жакшы иштеп, акциянын баасы дүйнөдө февраль айында 15 долларга жеткен. Биздин сунуш боюнча 66 миллиондон ашыгыраак акция бизде болмок эле. Ошону 15ке көбөйтсөңөр миллиард доллар болот эле. Бул миллиард доллар ачык биржада биздин активибиз болмок. Ал эми азыр интригалардын негизинде биздин акциябыз тиги жакта 33 эле миллион. Ал эми кечээ күнү болсо акциянын баасы бир доллардын тегерегинде болуп калды. Демек биздин бүгүнкү күндө биржадагы активибиз бар болгону бир доллардын тегерегинде болуп калды, 30-40 млн. доллар. Демек эсептеп көрүңүздөр миллиард доллар менен айырмасы барбы, жокпу.

-Салык жагынан дагы жоготууларга учурап жатабызбы?

-Абдан чоң жоготууга учурадык. Ошондой накта акча дагы абдан көп жоготкону жатабыз. Анткени биз салыкты дагы көбөйткөнбүз да. Ошого байланыштуу биз ойлоп атканбыз, быйыл салык менен подоходный салыкты баардыгын кошкондо 50-60 млн. доллардын ортосунда түшмөк эле. Бүгүнкү күндө кыйкырышып, интрига кылып аткандардын эсептеп далилдеген эч нерсеси жок. Жөн гана кыйкырык, анан эмне үчүн бекитпей атат такыр түшүнүксүз. Булардан дагы бир нерсе сурап атабы, же эмне болуп атат деген сөз болуп атат. Айтып коелу, канадалыктарга, башкаларга бул келишим абдан зыян. Анткен себеби алар көп жоготуп атат, биздин пайда үчүн иштеш керек эле. Бирок биз үчүн пайдалуу иш бүтпөй атат, ошого биз абдан капабыз.

-Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG