АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын Сумыга болгон чабуулу тууралуу пикирин билдирди.
"Бул абдан аянычтуу, мага алар ката кетиргенин айтышты. Менимче, бул өтө коркунучтуу. Бул согуш өзү абдан коркунучтуу", - деди Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Журналисттер андан эмнени айткысы келгенин тактап сурашканда АКШ лидери "катачылык" тууралуу сөзүн кайталап: "Аны өздөрүнөн (ред. Орусия) сурасаңар болот", - деген жообун айтты. Ошондой эле Трамп "эки өлкө ортосунда согуш баштоого жол берген" деп мурунку президент Байденди айыптады.
Британ премьер-министри Кир Стармер Сумыга болгон чабуулду айыптап, бул Орусия тараптан жасалып жаткан кан төгүүнү дагы бир ирет эске салганын белгиледи.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Сумыдагы чабуул Орусия "адам өмүрү менен эсептешпей турганын" көрсөткөнүн айтты.
Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылады. Би-Би-Си радиосу аткылоодо Сумы университетинин балдар билим алган Конгресс борбору зыян тартканын жазды.
Украин президенти Владимир Зеленский соккудан 34 киши каза тапканын тактады, 100дөн ашууну ар кандай жараат алды. Каза тапкандардын экөө, жараат алгандардын 15и балдар.
"Дарыгерлер жарадарлардын өмүрүн сактап калуу үчүн колдон келгендин баарын жасап жатышат. Чабуулдун кесепетинен окуу жайдан тышкары, көп кабаттуу үй, кафе-дүкөндөр жана райондук соттун имараты жабыркады. Жалпысынан орусиялыктар 20 имаратка зыян келтиришти", — деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык тармактардагы баракчасына.
Ракеталык аткылоо күндүз эл көчөдө, машинелерде жана коомдук транспортто жүргөндө болгон.
Орусиянын коргоо министрлиги чабуул тууралуу комментарий бере элек.
Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт. (AiA)
Шерине