Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Бириккен оппозиция курултайын кайда өткөрөрү дүйшөмбүдө аныкталат


“Акыйкат үчүн” кыймылынан алынган маалыматка караганда оппозиция Улуттук филармониянын, Кыргыз драма театрынын же Спорт ордосунун бирин курултай өткөрүү үчүн күрөөгө берүүсүн сурап президенттик администрацияга, Маданият жана маалымат министрлигине кайрылган. Аликбек Жекшенкуловдун билдиргенине караганда, курултайда каралып, кабыл алынчу чечимдердин долбоорлору боюнча бул күндөрү “Ата мекен”, “Ак шумкар”, СДП, “Ар намыс”, “Таза коом”, “Улуу Биримдик”, “Асаба” партияларынын ортосунда кеңешмелер жүрүп жатат. Бириккен оппозиция буга чейин ситеманы алмаштырууну макулдашып, анын жолдору боюнча бир пикирге келе электигин маалымдашкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG