Бул маселени Коммунисттердин Жогорку Кеңештеги фракциясы карайт. Окуяны иликтеген комиссиянын тыянагын буга чейин парламенттин Коргонуу, коопсуздук комитети талкуулаган болчу. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын карамагындагы күчөтүлгөн тартиптеги 16-колонияда жаза өтөп жаткандар 14-августта эки офицерди өлтүрүп коюшкан. Соңунан эки айыпкер да киши колдуу мерт болушкан. Буларды жаза өтөп жаткандар өздөрү офицерлердин өлүмүнө байланыштуу тындым кылган деген маалымат тараган. Бул чатактан улам күчөтүлгөн тартипте жаза өтөп жаткан 39 айыпкер башка түрмөлөргө которулган, кылмыш иши козголуп, парламенттик комиссия түзүлгөн. (BuS)