Бул эл аралык кинофестиваль Ысык-Көлдө бир жумага созулат. Бирок бүгүн анын биринчи күнүндө эле анын уюштуруу иштерине нааразылык чыга баштады. Анткени Чолпон-Ата шаарындагы Ташкул-Ата маданий комплексиндеги кино көрүүчү жайдын муздактыгы жана кино экрандын алыстыгы калыстар тобу менен катышуучуларды беймаза кылды. Ал эми Тажикстандын кинорежиссеру Соиджан Кадыров ”Акыркы үмүт” аттуу фильми сынакка киргизилбей калганына нааразы болуп, бул фестивалга мындан кийин катышуудан баш тартты. Тажик режиссеру жол кире акысын төлөп берүү талабы менен арт-менеджер Альмира Нуркамиловага кайрылганда, ал чындыгында эле программа жагынан жаңылыштык кеткенин мойнуна алды. Ал эми Голливуд жылдызы Марк Дакаскастын Ысык-Көлгө Бишкектен качан келээри ачык айтылбай атат. (RB)
17:52 Ысык-Көл кинофестивалынын катышуучулары кинозалдын сууктугуна нааразы болуп жатышат