Парламентте ар түрдүү маселе боюнча өкмөткө сунуштар берилип, депутат А.Калмаматов Нура айылындагы кайгылуу окуяга жеринде күбө болуп келгенин билдирип, ал жерден жергиликтүү тургундарды башка аймакка көчүрбөй эле тектогендик коопсуз жайга жаңы конуш түшүрүү маселесин козгоду. Депутаттын айтымында, чегара аймагынан ал айылды көчүрүп кетсе, кийин ал жерде жылма миграция пайда болот. Президент Курманбек Бакиев жер титиреген жерде болуп, айыл элин башка жакка көчүрүп кетүү керектигин айткан. Ошондой эле отурумда турак жайлардын курулушун жогорку күчтөгү жер титирөөгө туруштук бере тургандай кылып куруу, алардын сапатына көңүл буруу маселеси көтөрүлдү.Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппараттын кызматкерлери бир күндүк айлыгын Нура айылында жабыр тарткандарга которууну депутат Чолпон Баекова сунуштап, көпчүлүк добуш менен жактырылды. (AJ)