Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

АКШ СЕНАТЫ "КУТКАРУУ ПЛАНЫН" ЖАКТЫРДЫ


АКШнын Сенаты банк тармагын куткаруу планын добуштардын 74-25 катнашы менен жактырды. Бул кабар дүйнөлүк финансы системасындагы кризисти жөнгө салуу үмүтүн күч алдырды. Бирок 700 миллиард доллардык демилге мыйзамдык күчүнө киргенде да, ал АКШнын финансылык системасына болгон ишенимди канчалык бекемдей алаарын ишенимдүү айтуу азырынча кыйын болуп турат.

Куткаруу планынын жаңы версиясында ишкерлерге жана ортоңку класска 110 миллиард доллар салык жеңилдиги каралган. Банктардан аманаттарды шашылыш чыгарып алууларды чектөө далалатында планда АКШнын өкмөтү кепилдеген аманаттардын көлөмүн 100 миңден 250 миңге жогорулатуу да каралган.

Ошондой эле отставкага кеткен банк жетекчилерине ири көлөмдө компенсация төлөөгө чектөөлөр киргизилди. АКШ Сенатында көпчүлүктү түзгөн демократтардын жетекчиси Харри Рейд добуш берүү бийлик партиясы менен бирге жактырылганын бышыктады:

- Бул кемтиги жок мыйзам долбоору деп айта албайбыз. Муну биз баарыбыз билебиз. Бирок ал баштапкысынан алда канча жакшырды. Жакшырганынын себеби - биз ынтымакташып иштедик. Бул демократтардын же республикачылардын мыйзамы эмес. Бул жалпыбыздын мыйзамыбыз.

Ал эми Сенаттагы азчылыктардын лидери Мич Мак-Коннел соңку добуш берүү менен америкалык мыйзамгерлер АКШ экономикасынын чөгүп кетишине жол бербей тургандыгын бүт дүйнөгө далилдегенин белгилеп, буларды кошумчалады:

- Бул биздин өлкө үчүн маанилүү учур. Биз өзүбүз менен сыймыктана алабыз. Бардык көйгөйлөрдү чечип салган жокпуз. Бирок америкалык экономиканы тикелөө жаатында ыкчам аракеттерге жол ачылууда.

Жаңыланган планды колдоп добуш берүү үчүн президенттик талапкерлер Барак Обама менен Жонн Маккейн шайлоо өнөктүгүн убактылуу токтотуп, Вашингтонго келишти. Демократтардан көрсөтүлгөн Обама 1933-жылдын мартында ошол кездеги президент Рузвелттин сөздөрүнө шилтеме берип, америкалыктарды өз тагдырын өз колуна алууга чакырды.

Ал эми республикачыл сенатор МакКейн америкалыктардын азыркы мууну өз турмушундагы эң оор финансылык кризисти башынан өткөрүп жаткандыгын белгилеп, бирок өлкөнүн саясий жетекчилери ынтымакташып, ишти оң жолго сала алат деген ишенимин билдирди.

Биринчи планды дүйшөмбүдө өкүлдөр палатасы четке каккан эле. Каршы добуш бергендин көбү республикачылар болгон. Анда акция базары дээрлик 800 упайга түшүп кеткен. Шаршембиде бул базарлар тынчтангансып, Уол Стритте төмөндөө 20 упайдын гана тегерегинде болду. Сенат планды жактыргандын эртеси европалык жана азиялык базарларда да баалар аз-маз көтөрүлдү. Бирок европалык банктарды куткаруу боюнча Франция сунуш эткен саммит жана анын күн тартиби боюнча талаш курчуду.

Эми америкалык куткаруу планы жума күнү өкүлдөр палатасында кайра колго салынаарын палатанын төрагасы Стени Хойер маалымдады. Пландын өтүшү үчүн бул палатада дүйшөмбүдөгүдөн дагы кошумча 12 мыйзамгер аны колдоп добуш бериши керек, ошондой кийин, долбоор президент Бушка кол коюга жиберилет.

XS
SM
MD
LG