Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Т. ҮМӨТАЛИЕВА: ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫ КООПТУУ АБАЛГА КЕПТЕЛДИ


Маектешкен Бурулкан Сарыгулова Мамлекеттик мурдагы кызматкерлерден жана интеллигенция өкүлдөрүнөн куралган “Бириккен Кыргызстан” кыймылы антикризистик өкмөт түзүп, жаңы энергетикалык долбоор кабыл алуунун демилгесин көтөрүүдө. “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маектеринин биринде аталган кыймылдын мүчөсү, жарандык лидерлердин бири Токтайым Үмөталиева өлкөнүн энергетика саясатынын тегерегинде кеп салды.

- Сиз мүчө болгон кыймыл сунуш кылып жаткан энергетикалык программа азыркы энергетикалык саясаттан эмнеси менен айырмаланат?

-
Биз атайын белгилүү, аттуу-баштуу инсандарды, энергетикада иштеген эксперттерди, бир топ жылдар башкаруу системасында иштеген адамдарды чогултуп, алардын көз карашын карадык. Алар 20 күн ичинде, тез арада бийлик өзү чечкиндүү чечимдерди кабыл албаса, биздин энерго сектор өрттөнө баштайт деп айтып атышат. Эгерде тез арада антикризистик топ түзүп туруп, ошол топко бүт укуктарын берип энерготармакты мурунку абалга жеткирбесе дагы, бир системалык абалга жеткирип ишти башташыбыз керек, же болбосо биз аябай чоң банкроттукка өтөбүз. Себеби азыр подстанциялардын майлары ага баштады, күнүгө светти өчүргөнү бул аябай коркунучту нерсе. Бийлик азыр биздин энерго секторду ушундай абалга алып келип, эч инвестор албай турган кылып туруп, өзү арзан баага сатып алып туруп, кайра бир убакыттан кийин өзүнчө сатканы жатат. Мындан мамлекеттин энергетикалык коопсуздугу эң жаман абалга келгени сезилип атат.

- Азырынча сиздер сунуш кылып жаткан долбоорду президент колдоор-колдобосу белгисиз экени көрүнүп турат?

- Ошон үчүн аттуу-баштуу инсандардан турган топту президент кабыл алсын деп кайрылып атабыз дв. Оппозицияны, элди укпаса, жок дегенде ошол инсандарды президент угуп туруп, көзү ачылып, мамлекет караңгы түнгө түшкөнү атканын көрөр деп ойлоп атабыз.

- Силерде ошондой ишеним барбы, ошол кишилерди президент кабыл алып колдооруна?

- Эми оппозиция менен, эл менен сүйлөшпөсө, жарандык коом менен кеңешпесе болбойт. Ал топто Усубалиев, Рудов, Маматканов деген аттуу-баштуу инсандар бар. Биз энергосекторду ушундай абалдан алып чыга турган кишилер бар деп айтып атабыз. Себеби бир сомдон биздин электр кубатты сатып атат дагы, 4 сомдон Казастандан сатып алгыла деп атат. Керек болсо электр кубатын сатканды токтотуп коюп эле, өзүбүздүкүн өзүбүз сатып алып туруп, убактылуу ушундай коркунуч абалдан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошол мүмкүнчүлүтү иштетишибиз керек тез арада. Бул элдин кызыкчылыгы. Президентке элдин кызыкчылыгы керек эмес болсо, ошол аксакалдар барганда ачык айтсын.

XS
SM
MD
LG