Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:51

11:11 Президент К. Бакиев баштаган расмий топ ЖККУнун кезектеги отурумуна катышуу үчүн Москвага жөнөп кетти


Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун саммитинде Түштүк Осетия жана Абхазиянын көз карандысыздыгын таануу маселелери каралышы күтүлүүдө.Мамлекет башчы аталган иш чаранын алкагында орус президенти Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүсү белгиленүүдө. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Кыргызстандан барган расмий топтун курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков, Тышкы иштер министри Эднан Карабаев, Коргоо министри Бакыт Калыев, Президент администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Ислан Рыскулов, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуровдор киришти.(MSu)

XS
SM
MD
LG