Орусиянын басма сөз агенттиктери Медведев «Грузиянын баскынчылык аракеттерин айыптап», согуш миңдеген адамдардын өмүрүн жалмап, он миңдеген адамдарды качкын кылганын айтканын жазышууда. Медведев азыркы коогалан кырдаалдан чыгуунун жалгыз туура жолу – грузин өкмөтү жаңжалдуу аймактан бардык күчтөрүн алып чыгып тынчтык сүйлөшүүлөргө кайтып келүү керек экенин белгилеген.