Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

ТҮРКИЯДАГЫ КОНСОТТУН ЧЕЧИМИ - ДЕМОКРАТИЯ ҮЧҮН АК ЖОЛТОЙБУ...?


Аким Өзгөн, Стамбул Түркиянын конституциялык соту кечээги отурумунда, өлкөнү башкарган "Адилет жана Өнүгүү" партиясын таратпоо тууралуу чечим чыгарды. Конституциялык сот партиянын саясаты дин карманбаган мамлекетке коркунуч туудургандыгы үчүн айыпталган "АК" партияны жаап салуунун ордуна аны мамлекеттик жөлөк пулдан белгилүү өлчөмдө кур калтырууну чечти.

Кечээ Конституциялык сот башкаруучу партияны таратуу же таратпоо тууралуу суроону карап, премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган башында турган жогорку даражалуу 71 партия жетекчилигинин саясатка аралашуусуна тыюу салуу же салбоо маселеси боюнча сот жараянынын 3-отурумунда чечим чыгарды. Соттук териштирүүнүн жыйынтыгы "АК" партияны жаап салуунун ордуна, аны жөлөк пулдан кур калтыруу чечими болду. Мындай чечим бир гана "АК" партиянын ичинде эмес, жалпысынан экономикалык-саясий кризистерден тажап бүткөн эл ичинде дагы ынанууну пайда кылды.

Консоттун төрагасы Хашим Кылыч 11 мүчөсү бар сот коллегиясынын чечимин басма сөз менен тең бөлүшүп, 6 мүчө партияны таратуу, 4 мүчө жөлөк пулдан кур калтыруу, 1 мүчө болсо партияны таратууга каршы добуш бергенин айтты.

“Конституцияда белгиленгендей, партиянын жабылышы үчүн 7 мүчөнүн добушу талап кылынгандыктан, чечим партияны таратпоо жөнүндө болду”,- деген консоттун төрагасы Кылыч мырза буларга токтолду:

- 6 мүчөнүн партияны таратуу жана 4 мүчөнүн жөлөк пулдан кур калтыруу жөнүндө добуш берүүсүн эсепке алуу менен бул партияны мамлекеттик жөлөк пулдун жарымынан кур калтырууну чечтик. Бул токтом башкаруудагы партия үчүн абдан олуттуу эскертүү болуп эсептелет жана партиянын жетекчилери мындан чоң сабак алышат деген үмүттөмүн.

Консоттун чечими "АК" партиянын жетекчи чөйрөсүндө канааттануу сезимдерин пайда кылды. Маданият жана Туризм министири Эртугрул Гүнай, “демократия үчүн ак жолтой чечим” десе, партиянын төрагасынын орунбасары Салих Капусуз, “консоттун чечими күтүлбөгөн чечим эмес”,- деди. Оппозициялык канатта болсо кандайдыр бир түңүлүү сезимдери үстөмдүк кылгандыгы байкалды. ЖХПнын төрагасы Деңиз Байкал чыгып сүйлөп, консот маселени чече албаганы менен маселенин түпкүрүн көргөзгөнүн билдирди.

Маселенин түпкүрүн ”лайиктик” деп атаган Байкал мырза мындай деди:

- Конституциялык соттун 11 мүчөсүнүн ону "АК" партиянын лайиктикке каршы иш-аракеттердин очогуна айланып калганын кайра бекемдешти. "АК" партия парламентте басымдуу көпчүлүкө ээ болгон башкаруудагы партия экени белгилүү. Ошондуктан консоттун кабыл алган чечими чоң мааниге ээ. Консот бул чечими менен маселени кабыргасынан койду. Маселени чече албаса да, аны аныктап чыкты.

Башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү партиясы, кыскача "АК" партия өлкө башына келгенден кийин диний байманаларга ыктаганы менен таанылган. Шайлоодо жалпы шайлоочулардын 47 пайыз добушун алууга жетишкен "АК" партияны мамлекеттик прокурор лайиктикке каршы иш-аракеттердин очогуна айланып калды деп айыптап, анын жабылуусун талап кылган эле.

XS
SM
MD
LG