17-июнда кечинде дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү италиялыктар менен франциялыктардын ортосунда кызыктуу таймашуу болуп, мында италиялыктар 2:0 эсебинде жеңип, “С” тобунда алар чейрек финалга чыгышты.
Кыргызстандык күйөрмандардын көбү италиялыктарды сүрөөнгө алып, чейрек финалга чыгаарына ишенгенин «Азаттыкка» билдиришти. Ошондой эле күйөрмандар Европа таймаштары, бүгүнкү орусиялыктар менен шведдердин беттешүүсү тууралуу түрдүү пикирлерин ортого салышты.
Кенжебек:- Эми италиялыктар чейрек финалда чеберчиликтерин, катылуу жаткан күч- кубатын көрсөтөт. Алар быйыл баш байгени үчүнчү жолу жеңип алышаарына ишенем.
Шаршенбек:- Чынында эле бул жолу франциялыктар начар ойноп жатышат. Айтор белгисиз. Ал эми италиялыктар аракет кылуу менен чечүүчү беттешүүдө натыйжалуу ойноп, өз тобундагы негизги атаандаштарынын бири- Францияны жеңип алышты. Ал эми франциялыктар болсо бир нече ыңгайлуу учурларды колдон чыгарып жиберишти.
Эмилбек:- Италиялыктар дүйнөлүк футболдун мыктысы, падышасы экенин акыры далилдей баштады. Алар чечүүчү учурда гана уюшкандык менен ойноп, намысты колдон чыгарышпайт.
Беттешүүнүн биринчи бөлүгүндө эки команда теңата ойноп жатышкан. Бирок 24-мүнөттө италиялык чабуулчу Лука Тонинин чалып жыккандыгы үчүн франиялык Эрик Абидалга калыс кызыл кагазын көрсөтүп, оюндан чыгарды. Ортодогу калыс швейцариялык Массимо Бузакка италиялыктарга 11 метрден жекеме жеке айып тобун тебүү ыңгайын түздү. Италиялык жарым коргоочу Андреа Пирлонун тепкен айып тобун франциялык дарбазачы Грегори Купе тосо алган жок.
Франциялыктарга бир нече жолу ыңгайлуу учур болгону менен эсепти теңдей алышпады. Ошондой эле беттешүүнүн экиничи таймында же 62- мүнөттө италиялыктар эсепти дагы бирге көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Италиялык Гроссо айып тобун тээп, жарым коргоочу Даниэле Де Россини көздөй багыттады. Ал таамай тепкен тобу франциялыктардын дарбазасынан орун алды. Ошентип италиялыктар франциялыктарды 2:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда Испания менен ойномок болду.
Ошондой эле кечээ голландиялыктар өз күйөрмандарын дагы бир ирет сүйүнтүп, румыниялыктарды 2:0 эсеби менен утуп алышты. Эки топту тең оюндун экиничи бөлүгүндө голландиялык чабуулчулар Хунтелаар менен Ван Перси киргизди.
Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн футбол федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү Бообек Кадыркуловдун пикиринде быйыл голландиялыктар Европа чемпионатынын жарым финалына чыгышы ыктымал. Быйыл алар чемпиондукту жеңип алышы да мүмкүн.
- Бул жолу Германия менен Голландия баш байгеге талапкер болушуп, финалда голландиялыктар утуп алышы да ыктымал. Алар бардык оюнда утуп, дурус ойноду. Ал түгүл экинчи курамы да мыкты экенин далилдеди.
Бүгүн 18-июнда “Д” тобундагы атаандаштардан Орусия менен Швециянын футболчулары беттешет. Эгерде орустар бүгүн швециялыктарды утуп алышса, гана анда алар чейрек финалда ойнойт. Кокус утулуп калышса оюндан чыгат.
Ошондой эле бүгүн испаниялыктар 2004- жылкы Европа чемпиону грекиялыктар менен мөрөй талашат.
Учурда “А” тобунда Португалия менен Түркия чейрек финалга чыкты. “В” тобунда Хорватия менен Германия 6 упай топтоо менен чейрек финалда ойнойт. Ошондой эле “С” тобунда Голландия менен Италия чейрек финалга чыгышты.
Ал эми “Д” тобунда Испания эки беттешүүдө жеңишке жетип, алар дагы чейрек финалда ойнойт. Ушул топтогу командалардан экинчиси бүгүн аныкталат. Жеңүүчүлөрдү алдыдагы таймашууларда айнинелейт.
Чейрек финалдык беттешүүлөр 19-июндан 23-июнга чейин өткөрүлөт. Ал эми жарым финалдык оюндар 25-26-июнга белгиленген.