Мындай маалыматты тараткан “Электростанциялар” ишканасынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, электр кубаттуулугун бөлүштүрүүчү ишкананын жалпы карызы 170 млн. сомго жеткен. Анын ичинен “Кыргызгазга” карызы 3 млн. долларды түзөт. Учурда “Электростанциялар” ишканасынын жетекчилиги “Кыргызгаздагы” карызын реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эгерде бул маселе оң чечилсе ТЭЦ 10-15 сааттын аралыгында Бишкек шаарына ысык суу берүүгө мүмкүнчүлүгү бар, деп айтылат маалыматта. (AJ)