Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Римде бүгүн азык түлүк боюнча саммит аягына чыгууда


Улуттар уюму өткөрүп жаткан саммитинин катышуучулары бүгүн кымбатчылыкка каршы күрөшүүнүн стратегиясы боюнча мунаса макулдашууга жетүүнү көздөөдө. Самиттин жыйынтыктоочу документинин долборунда дүйнөдө азык –түлүк өндүрүшүн көбөйтүү, азык-түлүк соодасындагы чектөөлөрдү азайтуу, өтө талаштуу маселе –биоотунду пайдалануу боюнча көбүрөөк иликтөө жүргүзүү чакырыктары айтылган.

Дан –азыктарынан чыгарылган биоотун айлана –чөйрө үчүн пайдалуу деп эсептелгени менен ал дүйнөдө азык-түлүк тартыштыгын жараткан факторлордун бири катары аталууда.

Дүйнөлүк банктын эсебине караганда, акыркы үч жылда азык-түлүк баасы дүйнө боюнча эки эсеге өстү. Римдеги саммитте эл аралык уюмдар айыл –чарбасындагы кризисти жеңилдетүү үчүн 3 миллиард доллардай каражат ажыратаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG