Өлкө соту жума күнү Мирко Норацты (Mirko Norac) серб аскер туткундарын жана карапайым тургундарды кырууга тиешеси бар деп тапты. Айыпталып жаткан башка дагы бир мурдагы генерал - Рахим Адеми болсо толугу менен акталды. Бул соттук териштирүү Бириккен Улуттар Уюмунун Гаагадагы эл аралык трибуналынан Хорватия сотуна өткөрүлгөн алгачкы кылмыш иши болуп калды. Хорватия Европа Биримдигине өтүү үчүн аракеттенип жаткан чакта, бул сот жараяны хорват сот бийлиги үчүн олуттуу сынак болууда.
Хорват соту мурдагы генералды согуш жылдарындагы кыргынга катышкандыгы үчүн жети жыл абакка кести