Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

13:11 Ишенбай Кадырбековду коргоо уюму Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду


Бүгүн Ишенбай Кадырбековду коргоо уюму Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаровдун атына кайрылуу жолдоп, бүгүнкү күндө тергөө абагында жаткан Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, сот болгонго чейин айыпталуучуну бошотуп турууга Жогорку Кеңештин кепил болуп берүүсүн суранды. Уюмдун жетекчиси Асыл Жаманованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүнкү күнү мурдагы депутат, мамлекеттик жана коомдук ишмер, мурдагы Архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун денсоолугу начар болуп турат. “Андыктан анын жетекчилик кызматтарда иштеп, кыйла эмгек сиңиргенине байланыштуу депутаттар баш коргоо чарасын өзгөртүп беришсе жакшы болот эле”,- дейт ал. (IJz)

XS
SM
MD
LG