Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:42

ФУТБОЛ: БИШКЕКТЕГИ БЕТТЕШҮҮДӨ ООГАНСТАН МЕНЕН БАНГЛАДЕШ ТЕҢ ЧЫКТЫ


5-майда кечиндеги нөшөрлөп жааган жамгырга карабай Бишкектин “Спартак” стадионунда Азия футбол конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында “С” тобундагы Ооганстан менен Бангладеш өлкөлөрүнүн футболчулары беттешти.

Азия футбол конфедерациясынын Чакырык кубогунун алкагында “С” тобунда Ооганстан, Бангладеш, Кыргызстан жана Лаос өлкөлөрүнүн тандалма командалары беттешмек. Тилекке каршы Лаостун футболчулары козу карын жеп ууланып калышканын шылтоолоп, Бишкектеги беттешүүгө келбей, оюндун мурда белгиленген ирети бузулду. Мурда белгиленгендей бир күнү эки беттешүүнүн ордуна үч команда болгондуктан бирден гана оюн болуп жатат.

Чакырык кубогунун алгачкы беттешүүсүндө Ооганстан менен Бангладештин футболчулары эки жолу киргизген топторун калыстар жаратпай, эсеп ачылбай 0:0 боюнча тең чыкты деп эсептелип калды.

Бул оюнга күбө болгон Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиев Ооганистан жана Бангладеш өлкөлөрүнүн футболчуларынын деңгээли жана чеберчиликтери тууралуу өз оюн мындайча билдирди:

-Эки команданын тең деңгээли бирдей экен. Ошентсе да оогандыктар демилгени колго алышып, жигердүү оюн көрсөтүштү. Оогандыктар атаандаштарына киргизген эки топту тең калыстар эрежени бузуу менен кирди дешип, жаратпай коюшту. Биринчисинде чабуулчу талаа чийининен чыгып кетти дешсе, экинчисинде дарбазачыны жөөлөп кеткендиктен гол эсепке алынган жок.

7-май күнү Бишкектеги “Спартак” стадионунда Чакырык кубогунун таймаштарында “С” тобунда Кыргызстандын командасы Ооганстандан келген футболчулар менен беттешет.

Футбол боюнча Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучуcу Бообек Кадыркуловдун пикиринде бул топто ооганстандык футболчулардын чеберчилиги жогору экени байкалып, алар кыргызстандык футболчулар менен теңата оюн көрсөтчүдөй.

Футбол күйөрманы Бекбоосун Байтоковдун пикиринде Кыргызстандын футболдук деңгээлин өстүрүү үчүн Азиядагы биринчи лигадагы күчтүү командалардын катарына кошулууга умтулуусу зарыл. Бул Ооганстан, Бангладеш, Камбоджа жана башка өлкөлөр менен ойноп жүрө берсе, эч убакта чеберчилик өспөйт.

Бишкекте Чакырык кубогунун “С” тобунда жеңип чыккан өлкөнүн командасы гана 30-июлдан 10-августка чейин Индиянын Хайдарабад шаарында өтө турган финалдык таймашууга катышууга укук алат. Ал эми ушул Чакырык кубогун быйыл жана 2010-жылы уткан өлкөнүн футболчулары 2011-жылы Катарда өтө турган Азия кубогуна катышууга жолдомо алышат.

Ооганстан жана Бангладеш өлкөлөрүнүн футбол командаларынын башкы машыктыруучулары Клаус Штайерк жана Мохаммед Абу Юсуфтун маалымат каражаттарына билдиргенине караганда калыстарга дооматы жок.

9–май күнү Кыргызстандын командасы Бангладеш өлкөсүнүн футболчулары менен мөрөй талашууга чыгат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG