1993-жылдын 5-майында эгемендигине ээ болгон Кыргызстандын алгачкы Жогорку Кеңеши өлкөнүн биринчи Конституциясын кабыл алган. Ошондон бери 5-Май Кыргызстанда Конституция күнү катары белгиленип келет.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында, 1993-жылы кабыл алынган Баш мыйзам бир канча жолу өзгөртүүлөргө туш болуп, саясат талдоочулардын айтымында, акыры таанылгыстай абалга келди. 15-жылдын ичинде жалпысынан 7 жолу өзгөргөн Баш мыйзам, ушул жылдар арасы ар дайым саясий кармаштардын чыгуусуна себепчи болуп келген.
Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Жангороз Каниметовдун айтымында, эң баштапкы Баш мыйзам кийинкилерден дурус болчу. Ошентсе да Баш мыйзамдын эң акыркы жолу кабыл алынган редакциясында мурунку каталар аздыр-көптүр оңдолуп, бир топ пайдалуу жаңылануулар болду дейт депутат:
- Биз Конституциябызды ушул аралыктарда абдан туура эмес өзгөрттүк. Өзүңөр көрүп канча жолу өзгөрттүк? Бул биздин аброюбузга жакшы нерсе алып келген жок. Тээ биринчи Баш мыйзамдын жолдору туура болчу, андан кийин өзгөрүп кетпедиби туура эмес жакка. Негизи ушундай өткөөл мезгилде бардыгы өзгөрүп турат тура, саясатыбыз дагы, багыт дагы... Анан ушул акыркы кабыл алынган Баш мыйзам туура болду, айрыкча партиялык тизме менен келгенибиз. Өткөөл мезгилде ушундай система керек экен. Ушул Конституциябыз кут болуп, элге жакшылык алып келсе деп тилейм.
Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде, Кыргызстанда Баш мыйзам улам-улам эле өзгөртүлө берип, анын баа-баркы түшүп кеткен. Соңку кабыл алынган Баш мыйзам деле анча жакшы эместигин айткан акыйкатчы, акыркы кабыл алынган Баш мыйзамдан кийин парламент партиялык тизме менен шайланып, ага аялдар да келгени менен анын авторитардык жактары да көп экендигин баса белгиледи:
- Жаманбы-жакшыбы Конституция 1993-жылы кабыл алынган эле. Андан кийин бурмаланып референдумдарга коюлду. Ушул убакка чейин келип ноябрда, анан декабрда да өзгөрдү. Андан соң акыркы Конституцияны кабыл алдык. Баш мыйзамдын улам-улам өзгөрүп турганы деле жаман эмес. Жакшы жагы ушул акыркыда партиялык тизмени бекитип алдык. Жаман жагы көп жылдардан бери Баш мыйзамыбыз кайра-кайра өзгөртүлө берип, Конституция эмес эле начар документ болуп кетти. Акыры былтыр 21-октябрда кабыл алынган Конституциябыз деле эл аралык стандарттарга жооп бербейт. Авторитардык жактары көп.
Мурдагы депутат Темир Сариевдин айтымында, 1993-жылда кабыл алынган Баш мыйзам сакталып калганда бүгүнкүдөй чыр-чатактар болбой, чоң жетишкендиктер камсыздалмак. Бирок бийлик мунарасында отургандар чыдабай кетип улам аны өзгөртүп, бурмалап, өз бийликтерин жана байлыктарын бекемдөө жолуна түшүп кетишкен. “Азыркы бийлик деле мурдагы бийликтин катасын кайталап, жасалма жол менен Баш мыйзамды өзгөртүп алды”, - дейт ал:
- Мен эртеңки боло турган майрамды жүзүм жарык, жакшы маанай менен тосо албай турам. Анткени биз Баш мыйзамды бийик тутпай, аны сактабай, сыйлабай атабыз. Ошондуктан чоң кыйынчылыктарга туш болуп атабыз.