Түштүк Кореянын Дежу шаарында дзюдо күрөшү боюнча Азия чемпионатынын мөрөй талашуулары жыйынтыкталды. Буга чейин дүйнө чемпионатында жана Бээжинге жолдомо алууга упай топтоочу эл аралык мелдештердин жана Азия чемпионатынын жыйынтыктарына жараша кыргызстандык балбан кыз Елена Проскураковага Бээжин олимпиадасына жолдомо ыйгарылды.
Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында Бээжинге жолдомо алган караколдук балбан кыз Елена Проскуракова жыйырма үч гана жашта.
-Елена Проскуракова - эл аралык даражадагы спорт чебери. Ал самбо күрөшү боюнча да дүйнө Кубогунда жана Азия чемпионаттарында мөрөй алган. Мындан сырткары дагы ал мурдагы жылы Дохада өткөн 15-Азия оюндарында калыстардын айынан мыктылар сабына кошулбай калган. Эгерде калыстар калыстык кылганда Елена да байгелүү орунга жетип калышы ыктымал эле. Эми Бээжин олимпиадасына колдон келишинче жакшы даярдык көрүүсү үчүн бардык шартты түзүп беребиз, -дейт Касымкул Оболбеков.
Эгемендүү болгондон бери кыргызстандык спортчулар үч жайкы олимпиадалык оюндарга катышкан болсо, мурда алардын катарында да дзюдочу кыздар болгон. Ал эми эгемен Кыргызстанга да 2000-жылы Сидней олимпиадалык оюндарында алгачкы коло байгени да дзюдо күрөшүнөн Айдың Смагулов жеңип бергенин эске алсак, Бээжинде дагы Еленадан үмүт кылса болчудай.
Өлкөнүн кыз-келиндер дзюдо күрөшү боюнча улук машыктыруучусу, Кыргызстанга эмгек сиңирген устат Савур Аматовдун айтымында, Бээжин олимпиадасына жолдомо алган шакирти Елена самбо күрөшү боюнча Азиянын үч жолку чемпиону.
-Ал түгүл Елена Проскуракова жакында март айында Бишкекте өткөн бел кур күрөшү боюнча Азия чемпионатында да баш байгени утуп, Азия чемпиону аталган. Март айында Алматыда өткөн Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык Гран-при мелдешинде экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынган. Ошондой эле жолдомо алууга арбын упай топтоого жетишкен.Эл аралык дзюдо федерациясынын чечими менен арбын упай топтоп, Азия чемпионатында бешинчи орунга жеткендиги үчүн Елана Проскуракованын Бээжинге жолу ачылды.
Еленанын дзюдо күрөшү менен машыгып калышына эжеси Ларисанын таасири, салымы зор. Себеби улуу эжеси Лариса Проскуракова да самбо жана дзюдо курөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери. Самбодон Азиянын көп жолку чемпиону. Кыргызстандын тандалма командасынын катарында өлкө намысын коргогон. Учурда дагы сиңдиси менен бирге машыгып, дале чоң спорттун түйшүгүн тартып келет. Эже-сиңдиге самбо жана дзюдо күрөштөрүнун сырларын, ыкмаларын үйрөтүп, табына келтирип таптаган устаты - Кыргызстанга эмгек синирген машыктыруучу Савур Аматов.
Елена Проскуракова Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин дене тарбия бөлүмүндө бешинчи курстта окуп, билим алууда. Ата-энеси Каракол шаарында жашайт. Учурда ата-энеси жумушсуздуктун айынан кыздарына машыгуусуна жакшы шарт түзүп бере албай, ар кимден жардам сурап жүрүшөт. Ошондой эле эң кичүү кызы жети жаштагы Алина да эжелеринин таасири менен дзюдо күрөшү менен машыга баштады.
Бишкек шаардык спорт комититетинин жетекчисинин орун басары, дзюдо жана самбо боюнча спорт чебери Даулет Досалиевдин айтымында, Бээжин олимпиадасында кыргызстандык Елена Проскуракованын негизги атаандаштары жапондук, кытайлык, кореялык жана европалык балбан кыздар болот.
-Алар менен теңтайлашып, мөрөй алуу үчүн жогорку чеберчилик, спорттук жана психологиялык мыкты даярдык керек, - дейт Даулет Досалиев.
Учурда кыргызстандык 13 спортчу Бээжин олимпиадасына жолдомо алышкан. Алар: эркин күрөш боюнча Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков, грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиону Руслан Түмөнбаев, суучулдар Юрий Захаров менен Василий Данилов, Азиянын эки жолку чемпиону, велоспортчу Евгений Ваккер, бийиктикке секирүү боюнча Азиянын төрт жолку чемпиону Татьяна Ефименко менен марафончу Юлия Архипова, таэквондо боюнча Расул Абдураим, эл аралык бокс чебери Асылбек Таласбаев, мылтыктан ок атуу спорт чебери Руслан Исмаилов жана фехтование боюнча Сергей Кочурин Бээжин олимпиадасына жолдомо алышып, даярдык көрүп жатышат.
Эми Бээжин олимпиадасына жолдомо берүүчү эл аралык турнирлер, Азия, дүйнө чемпионаттары июнь айына чейин болмокчу. Кыргызстандык спортчулардан дагы олимпиадалык оюндарга жолу ачылышы ажеп эмес. Айрыкча грек-рим, эркин күрөш, жеңил жана оор атлетикадан, спорттун азыркы беш түрүнөн жана башка спорт айрым түрлөрүнөн олимпиадалык жолдомо берүүчү мелдештерге кыргызстандык спортчулар даярдык көрүп, багын сынап көрүшмөкчү.
Сүрөт sambo.spb.ru интернет баракчасынан алынды.