Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин маалыматы боюнча “Түндүк электро” жана “Бишкек сууканал” ишканаларын баалоо бул мекемелерди келечекте менчиктештирүү максатында болууда. “Славянский восток” “Түндүк электро” АКнын мамлекетке таандык 80%, ал эми “VIP Capital” “Бишкек сууканал” АКнын мамлекет таандык акциясын баалайт. “VIP Capital” “Кыргызтелеком” АКнын акцияларын баалоо боюнча тендерди утуп алып, өзүнүн бул кызматын 1 млн сомго баалаган. (ZKo)
13:25 “Түндүк электро” жана “Бишкек сууканал” ишканаларын баалоо боюнча тендерди “Славянский восток” жана “VIP Capital” утуп алышты