Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

«КӨМҮСКӨ ЭКОНОМИКАНЫН» КАЧАН КОҢУЛДАН ЧЫГАРЫ БЕЛГИСИЗ


Расмий маалыматтарга ынансак, Кыргызстанда “көмүскө экономиканын” көлөмү 53% түзөт. Адистердин баамында бул өтөле азайтылган көрсөткүч. Өкмөттүн “көмүскө экономиканы” коңулдан чыгаруу аракетинен азырынча натыйжа чыга элек. Ошондон салык менен төлөмдөрдүн негизги жүгү ачык иштегендердин мойнуна түшүүдө. Анын үстүнө быйылкы энергетикалык кризистин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/28B83AD0-ACEC-4DB1-AC12-CCCC9C2F9E9B.asp айынан Кыргызстан мурда белгиленген экономикалык өнүгүш деңгээлине да чыга албай калуу коркунучу турат.

Алдагинтип ички дүң продукттун теңине жакыны мамлекет казынасын кыйгап өтүп жатканы эчен ирет айтылып келаткан чындык катары ушу тапта эч кимди таңдандырбай деле калган. Кыргызстан президенти К.Бакиев “көмүскө экономиканы” коңулдан чыгарууга ишкерлердин өзү көмөк көрсөтүшү зарыл деп эсептейт:

- Жаныңдагы ишкерге айт: “Мамлекет ишкерлерге кандай шарт түзүп жатат. Эми тентектикти токтот, ачык, калыс, так иштейли” дегиле! Ачык жашагыла! Эч кимдин алдына бүгүлбөгүлө!

Кыргызстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров быйылкы энергетикалык кризистин айынан мурда болжонгон экономикалык өнүгүү чегине өлкө жете албай калышы ыктымалдыгын ырастап, “көмүскө экономиканы” ачыкка чыгаруу боюнча өкмөттүк программа иштелип жатканын маалымдады:

- Дагы үч жума бар, биздин министрлик жаңы программаны алып чыкканы жатат. Бул жеке эле тигүүчүлөргө эмес, жалпы эле бардык тармактарга тиешелүү болот. Биздин оюбузча, киши өзү чыгарып өзү иштесе патент менен иштесе болот. Бөлөк кишини жумушка алып жумшай турган болсо жөнөкөйлөтүлгөн салык төлөөсү керек. Азыркы жаңы Салык кодекси боюнча кайсы ишкерлик түрүнө жараша 4%-6% чейин жөнөкөйлөштүрүлгөн салык төлөөгө болот.

Акылбек Жапаровдун айтуусунда, өкмөт патент төлөгөндөр менен укуктук жактарды бир деңгээлге чыгаруу аракетине киришүүдө. Мунун натыйжасында “көмүскө экономиканын” кыйласы коңулдан чыгышы ыктымал. Ал эми ачык иштеп жаткандардын ушу таптагы чоң проблемасы электр энергиясынын утур-утур өчүрүлүшү болууда.

Кыргызстан ишкерлер биримдигинин жетекчиси Чыныбай Турсунбеков электр энергиясын алуу коррупциялык схемага айланып кетпеши үчүн өкмөт менен ишкерлер ортосундагы “оюн эрежеси” ачык болушу абзел деген ойдо.

- Бул маселе кандайдыр бир коррупциянын чөнтөгүнө айланып кетпеши үчүн график болуш керек. Ошол график аткарылыш керек. Ошондо ишкерлер, ишканалар кайсы маалда электр жарыгы өчүрүлөрүн билет. Ошого карап ишин жөндөп алат. Маселенин баары ошондо турат.

“Көмүскө экономиканы” коңулдан чыгаруу демилгеси мурдагы-азыркы бийликтин туруктуу саясий сөздүгүнө кирип калганын “Азат” корпорациясынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахманов ырастады.

- Бийликтин айтары эле ошол. Баягы А.Акаевдин тушунда деле “муну жасадык, тигини укмуш кылып койдук”, дей берчү. Ошол убакта деле бизнеске оор болчу. Азыр деле ошондой.

Ө.Абдырахманов ушу тапта бизнес жүргүзүү кыйынга туруп жатканын, бийлик кысымы токтоло электигин белгиледи.

- Бизнестин шарты мурункуга караганда азыр кыйындады. Анткени жанагы коррупциялык схемалар өзгөргөн жок. Салык өзгөргөн жок. Тоскоол деп коет, ал өзгөргөн жок. Тескерисинче жанагы чиновниктер келип эле баса калып, коркутуп, тигинисин-мунусун алып жакшы оокат кылып атышат. Бизнестен алынган акча Ататүрк багындагы кабат үйлөргө кетип атпайбы. Ал асмандан түшкөн эмес. Ошонун баары чиновниктер экен. Үч катар, төрт катар үйлөрдү алган акчаларына салып жатышпайбы.

XS
SM
MD
LG