Эгерде Иран уранды байытуу технологиясын өздөштүрсө, алынган маалыматтар өзөктүк бомба даярдоого колдонулушу ыктымал, - деп айтты президент Буш. Вашингтондо өткөн биргелешкен пресс-конференцияда Британиянын премьер-министри Гордон Браун Европа Иранга карата санкцияларды катаалдантышы мүмкүн деп сунуштады. Ирандын өкмөтү өзөктүк курал даярдоо ниети жок экенин кайталап келатат.
АКШ жана Британия лидерлери Ирандын өзөктүк курал даярдоо аракетине бөгөт коерун билдиришти