Ички иштер министрлигинин өкүлү Земери Башаринин маалыматына караганда, Ооганстандын Забул провинциясында талиптердин чабуулунан дагы 16 киши жарат алды. Коалициялык аскерлердин жана Ооган өкмөтүнүн аскер күчтөрүнүн жооп кайтарган чабуулунда 7 талип жок кылынып, 12си жаракат алды деп кабарлады Башари.