Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

13:35 Абийир коомдук декларациясына өлкө саясатчылары кол кое баштады


Абийир коомдук декларациясын “Ар-Намыс” саясий партиясынын жаштар канаты иштеп чыгып сунуш кылган. Аталган партиянын жаш лидери Азамат Жаңыбаевдин “Азаттыкка” маалымдашынча декларацияга биринчилерден болуп Ө. Текебаев, Ф. Кулов, А. Артыков, Э. Алиев жана Эркин Булекбаев кол койду. Партия жаштары март айынын орто ченинде кайрылуу таратып, анда бул документ “Кыргызстандагы азыркы саясатчыларга жана болочоктогу саясий элитага өз мамлекетинин мүлкүн уурдап-тоношуна тыюу салууну” көздөй тургандыгы айтылган. Эгерде паракорчулук тыйылбаса өлкөдө жаңы толкундоолор болушу ыктымалдыгы, жаштар анын алдын алууну максаты кылып жатканы баса белгиленген. Абийир коомдук декларациясы он беш бөлүктөн туруп, ага кол койгон адам өзү коррупцияга малынбай, бул көйгөй менен күрөшүүдө колунан келген баардык чараларды чукул көрүүгө милдеттеме алаары маалым болгон. А.Жаңыбаевдин билдиришинче документ 12-апрелде “Акыйкат үчүн” оппозициялык кыймыл өткөргөнү жаткан курултайда да талкууга коюлат. (EBM)

XS
SM
MD
LG