Күбөлөрдүн айтымында, узун аскерий колонналар Тибетке жана ага кошуна аймактарга карай жылууда. Кытай ММКлары демонстрацияларды уюштурду деп шектелген 19 тибеттиктин сүрөтүн жарыялады. Өткөн жекшембиде Кытай бийликтери биринчи жолу кытай полициясы Сычуан дубанындагы демонстранттарга каршы ок ачканын моюнга алды. Тибеттик укук коргоочулардын айтымында, кагылыштардан улам 100дөн ашуун карапайым киши мерт болду. Бирок расмий Бээжин 13 гана киши өлдү деп келет.