Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:08

ЖАЛАЛАБАТТЫК ЫҢКЫЛАПЧЫ 24-МАРТТЫ МАЙРАМДАГАНДАН УЯЛАТ


Үч жыл мурда “ЭрК” партиясынын Жалалабат облусундагы координатору Медер Үсөнов кандай максат-талаптар менен облбийликтин имаратын ээлеп алууга баштап кирген? Ошондогу үмүт-тилектери аткарылдыбы? Март ыңкылабынан кийин өлкөдө өзгөрүү болдубу? “Азаттыктын” кабарчысы Ырысбай Абдыраимов Үсөновго мына ушундай жана башка бир нече суроолор менен кайрылды.

- Медер мырза, 2005-жылдын 4-мартынан 24-мартка чейин мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине нааразы болуп, облбийликтин имаратын ээлеп алгандардын башында тургансыз. Ошондо бийлик алдына кандай талаптарды койгонсуздар? Нааразылык эмнеге байланыштуу чыккан болчу?

- Ата-бабаларыбыздан калган жерлер сатылып кетип атканына, жөнөкөй эле митингге чыккан элди атып жиберген бийликке каршы, электр жарыгы, газ, пахта маселелерин баарын кошуп чыгып мурдагы бийликке нааразычылык көрсөтүп жүргөнбүз.

Ал эми 2005-жылкы өткөн Жогорку Кеңешке болгон шайлоо бул нерсени дагы күчөттү. Себеби таза эмес шайлоо өтүп калды. Бектур Асанов, Жусуп Бакиев, Жусупжан Жээнбековдор өтпөй калганына байланыштуу ушул жерде уюштурулуп, администрациянын алдына келип, эл түз талабын койгон. Ал маалда бийликке өтө катуу каршы болгон эмеспиз. Бир гана максатыбыз бийликтин башында турган бийлик төбөлдөрү, губернатор, акимдер, президент, премьер-министр, госсекретарь бардыгы келип туура эмес өтүп атканын көрсүн, шайлоо таза өтсүн деп чыкканбыз. Кийин алар элдин үнүн укпай койгонуна байланыштуу губернатордун бул жерде жоктугуна байланыштуу, туура эмес ар түрдүү шылтоолор айтылганынан 200гө жакын адам губернатордун имаратын ээлеп алууга айласыз болгонбуз. Кандайдыр бир каршылык көрсөтөлү бийликке деген ой менен ээлеп алганбыз.

- 2005-жылдын 20-марттын таңында милициянын өзгөчө отряды облбийликтин имаратында тургандарга чабуул жасаганда алар сизге кандай мамиле жасашты?

- 2005-жылы 19-мартта бийлик басат экен, күч колдонот экен деген кабар келди. Бирок ошол маалда бул жерде иштеген прокуратура каршы чыккан. Себеби чынын айтканда ошол маалда эл кыйналып калган эле. 500-600дөй адам калган. Жеке Асан Шакировдун иши менен 19-да прокуратура, СНБнын баарын чогултуп, губернаторго элдин алдына алып кирип, анан ошол күнү токтотулган. Бул он тогузунда басылмак эле.

20-мартта биз эс алып сүйлөштүк деп отуруп калганбыз, эл чарчап калган эле, себеби ал күндөрү уктаган эмес, Ошол күнү таңга маал мурда жүргөн Садиевдин чегара кызматкерлери менен Бишкектен “Альфанын” кызматкерлери келип элди уруп-согуп алып чыгып кеткен.

- Сизди кайсы жерден кармашты?

- Мени Ташкараев баш болуп, эртең менен саат тогузда элди уюштуруп атканыбызда Баял базарынан кармап кеткен. “Альфанын” балдары дешти, азыр деле иштеп атышса керек. Ошолор жалгыз өзүмдү уруп-токмоктоп милицияга алып келген.

- Элдин койгон негизги талаптары, үмүттөрү аткарылды деген сизде ишенич барбы?

- Элдин талаптарынын бири дагы аткарылган жок. Биз ошол маалда жер сатылбасын, элдин укугу кордолбосун, ошол маалда Жогорку Кеңеш таркасын дегенбиз. Ал дагы 3 жылга барып жаңжал менен, канча ызы-чуу менен зорго таркады. Революция кылган адамдар бири дагы жумушка барабыз деп кылган эмес. Биздин негизги максатыбыз, жакшы адамдар жумуштарга келсин, отурсун, элдин талабын ойлосун, элдин укугун коргосун дегенбиз. Мурда айтчу элек, булар Акаевге жетпей окшойт, укпайт окшойт деп. Азыр деле ошол нерсени айтмакмын Бакиевге. Бакиев эгер ушул нерселерди өз көзү менен көрүп, ушул жерде болгонун угуп калган болсо, чындап ушундай экенин билген болсо ал деле бир катуу чараларды колдонмок. Менимче ошол эле Акаевдин маалындагы адамдар азыр бийликте отуруп алышып, дагы эле куду Акаевдин маалындагыдай эле укмуш жакшы бардыгы болуп жатат дейт.

Бирок кокус жаңы түзүлүп аткан коомдордон бир нерсе боло турган болсо, дагы эле ушул бийликти колдоп коргоп ала турган бизбиз. Себеби бул бийлик өтө оор жол менен келди. Эл айтып атып атат, жеңил эле жол менен качып кетип калды деп. Ал эми 24-мартты биз майрам катары белгилеп атабыз. Бул уят нерсе, майрам эмес. Себеби 24-дө биздин кыргыз бийлиги качып кетип калды. Бул кандайдыр бир деңгээлде биздин республика үчүн уят нерсе болуп калды, айрыкча кыргыз үчүн уят. Ошондуктан элдин талаптары аткарылсын. Мына Үсөн Сыдыков баш болуп айткан, эгер ушул жерде кызмат кылган балдарды, кандайдыр бир салым кошкон адамдарды биз бийликке алып келип, жакшы иштеп берсе деп. Азыр мурдагыдай эле убакыт кетип атпайбы.

Мурда жакшы, жаман иштегенине карабай эле, бизде кадр аябай оор маселе экен, 15-20 жылда бир кадр даяр болот экен дешти. Кадр деген тубаса болушу мүмкүн. Бийликте элге кызмат кыла турган адамдарды дипломуна, ишине карабастан коюп койсо элге кызмат кылып бериши мүмкүн деген ой бар менде.

- Сиз март ыңкылабынан бери жумушсуз жүрөсүз. Март козголоңунун баштоочусу катары ал окуяга катышканыңызга өкүнбөйсүзбү?

- Жок, мен өкүнбөйм. Менин өкүнгөнүм эле ошол маалда революция болду, бийлик качып кетти, эл өз-өз ордуна таркады. Бирок кандайдыр бир уюмдар, органдар топтолуп революцияны коргоо комитеттери деп ар түрдүү комитеттерди топтоп алып, жер басылып, посттордо отурган адамдарды 15-20 аял, 10-20 эркек болуп барып, бул кетсин, бул келсин деген бизде кандайдыр бир жугуштуу ооруга окшоп калды. Ушул нерселер жок болсо, бийлик кадр саясатын туура чечкен болсо жакшы эле болот эле.

- Жообуңузга чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG