Мирлан Эргешов Ош университетин аяктагандан кийин бажы кызматына ишке кирмек болгон. Бирок ал жерге орношо алган эмес. Мирландын теңтуштары менен Москвага барып иштөөсүнө атасынын иниси Үсөн Эргешовдун айтымында, ишке кирүүгө зарыл болгон акчаны таап келүү максаты болгон:
- Мирлан окуусун бүтүп келип эле ишке барса кабыл албаптыр. Айласыздан Орусия кетүүгө туура келген. Себеби ишке кириш үчүн акча сураган. Дипломду көрсөтсө дагы ишке кабыл алган эмес. Сураган АКШ долларын бир жарым же эки жылдын ичинде таап келем деп ушул ишке кабылып отурат,- дейт Үсөн Эргешов.
Ал Орусиянын борборундагы метродо айылдашы Абдимиталип Мамытов менен азык-түлүк алганы баратканда орус улутчулдары бычактап кеткен. Натыйжада Мирлан ошол жерде каза таап, Абдимиталип ушул учурда ооруканада дарыланып жатат. Мирландын сөөгүн Москвадан туулган жерине коштоп келген айылдашы Кыязбек Жаркыновдун айтымында кыргыз элчилигинен же орус өкмөтүнөн аларга жардам болгон эмес:
- Мирланга он бир жерине бычак тийген. Ал эми Абдимиталип Мамытов болсо төрт жерине бычак жеген. Бизге элчиликтен эч кандай жардам берилген жок. Биз ал жакка барып кайрылсак, биздин колубуздан эч нерсе келбейт деп жооп кайтарышты,- дейт маркумдун айылдашы Кыязбек Жаркынов.
Мирландын үч бир тууганы, 270 түтүндүү айылдын 170 уул-кызы Орусияда иштейт. Жумуштуулук комитети буга дейре облустун 38 миңден ашуун тургуну чет жактарда эмгектенээрин билдирген. Абдимиталиптин да бычакталганын 17-февралда уккан атасы Арзымбек Мамытов кыйла кыжалат болгон. Ал телефон менен сүйлөшкөндө уулу айыгып баратканын айткан:
Кыргыз жарандарын улутчулдардын кордугунан коргоо үчүн эки өлкөнүн башчылары менен өкмөттөрү сүйлөшүүсү зарыл. Ички иштер министрликтери мыкаачыларды табуусу керек. Жумушсуздуктун айынан иштегени барган жарандарга кол салуу тыйылбаса, ”Ата Мекен” партиясынын Ноокен районундагы координатору Советали Сеиткуловдун пикири боюнча элдин бийликке болгон нааразылыгы күчөөсү ыктымал:
-Президент президент менен, Тышкы иштер министрлиги тышкы иштер министрлиги менен, Башкы прокуратура менен, Мадумаров, Грызлов менен сүйлөшүп бул иштердин аягына чыкпаса кыргыз жарандары күндөн-күнгө өлө бериши мүмкүн. Көп балдардын ушундай кокустук менен өлүктөрү келе берсе жакынкы күндөрдө ар түрдүү акцияларга барышы мүмкүн. Чоң нааразычылык акциялары башталып кетиши ыктымал,- дейт Советали Сеиткулов.
Бийликтегилердин таасири жоктугунан орус улутчулдугу тыйылбай жатат. Эски масы айылынын башчысы Токтобек Абласановдун белгилешинче, орус тартип сакчылары кааласа, такырбаштарды ооздуктоого кудурети жетмек.
- Үч жарым жылдын ичинде чечендердин мафияларын спецназ басып койгон. Эң кыйын дүйнөдөгү чечендин мафиясын. Владимир Путин кандай эле өзүнүн спецназы менен такырбаштарды баса албайт.
Жыл башынан бери Орусияда облустун эки тургуну каза тапты. Бирок облуста атайын кордун жоктугунан алардын туугандарына жардам бериле элек. Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун пикири боюнча четте өлгөндөрдүн сөөгүн алып келуу маселесин Жогорку Кеңеш кайра кароосу абзел.
- Бизден эгер сурана турган болсо биздин резервдик фонду жок азыркы мезгилде. Мурунку мезгилдерде чет мамлекеттерде каза болгон кишилерге атайын каражат каралып, ошонун негизинде алып келчү эле. 2-3 жылдан бери аны алып таштады. Жогорку Кеңештин депутаттары кайра ушул маселени карап, атайын бюджеттен акча чегерип койсо жакшы болмок, - дейт губернатордун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов.