Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

8:15 Үркүндү эскерүү күнүн белгилөө парламентке сунушталды


Парламентте үркүн деп аталган 1916-жылкы улуттук-боштондук кыймылында шейит кеткендерди эскерүү күнүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоору талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин депутаты Бейшенбек Абдыразаков сунуш кылган бул долбоордо эскерүү күн катары август айынын биринчи жумасы каралган. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук комитети долбоорду кечээ талкуулап, Илимдер академиясынын тарых институтунун кароосуна жиберди. Депутат Зайнидин Курманов демилгенин тарыхый гана эмес, саясий жагын да эске алууну сунуш кылды. Долбоор парламенттин кароосуна бардык комитеттердин макулдугунан кийин берилет. (BuS)

XS
SM
MD
LG