Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

ЖАЛАЛАБАТ: ШАЙЛООНУН ТАГДЫРЫН АДМИНИСТРАТИВДИК ЫКМАЛАР ЧЕЧТИ


“Ата Мекен” жана “Социал-демократиялык” партиялардын Жалалабат облусундагы өкүлдөрү парламенттик шайлоодо административдик ыкмалар колдонулгандыгын белгилеп жатышат. Алардын айтымында «Ак жол» партиясынын пайдасы үчүн казыналык кызматкерлер иштетитилип, жергиликтүү бийлик аралашты. Байкоочулардын укуктары бузулду. Бирок, мындай айыптоолорду «Ак жол» партиясынын облустук бөлүмү менен облбийликтин жооптуу кызматкерлери четке кагышты.

Парламенттик шайлоодо административдик ыкмалар колдонулуп, жергиликтүү бийлик «Ак жол» партиясына жан тартты. Мындай пикирин «Ата Мекен» жана “Социал-демократиялык” партиялардын өкүлчүлүктөрү билдирүүдө. СДПнын облустагы штаб башчысы Жусупжан Жээнбеков жекшембидеги добуш берүү учурунда мурдагы шайлоолордон да мыйзамбузуулар арбын болгондугуна нааразы:

- Административдик ресурстардын өтө катуу кийлигишип атканынан болуп атат. Байкоочулардын баарын кууп чыгып, эсеп-кысапты өздөрү жасап атат.

Шайлоодо байкоочулардын ээн-эркин иштөөсүнө мүмкүндүк берилген жок. Мыйзамбузууларды каттаган байкоочулардын билдиргенине шайлоо участкаларынын башчылары көңүл бурбай, Жарандар коррупцияга каршы укук коргоо борборунун облустагы координатору маалымдагандай көзөмөлчүлөр добуш берүү бөлмөлөрүнөн чыгарылган. Базаркоргон айылында шайлоого казыналык мекемелердин кызматкерлери шайлоочуларды добуш берүүгө чакырып, үндөп жүрүшкөн. Мындай маалыматты байкоочу Минура Мамадалиева «Ата Мекен» партиясынын облустук штабынын башчысы Асылбек Текебаевге кабарлаган:

- Бюллтендерди саноо убактысында кээ бир айыл өкмөттөрдүн эч кандай укугу болбосо дагы шайлоо участкаларына кирип, ал жердеги шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө буйрук беришип, байкоочуларга орой мамиле жасашып, алардын ишине тоскоолдук кылышкан.

Жалалабатта кайра добуш берүүлөр, адам ташуулар болгондугун байкоочу Назгүл Эралиева көрүп турган.

Облустук бийликтин бөлүм башчысы Кадыр Бечелов шайлоодо административдик ресурстар иштетилди деген пикирди четке какты. Анын айтымында казыналык мекемелердин кызматкерлери өздөрүнүн атуулдук милдеттерин аткарышты:

- Үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн бюджетниктерди мен көргөн жокмун. Алар өздөрүнүн мамлекеттик кызматын аткарып атышат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө «Ак жол» партиясын колдоо туралуу көрсөтмө берилген эмес. Партиянын облустагы төрагасы Абдымалик Бектемиров атаандаш партиялардын пикирлерин жалган жалаага чыгарды:

- Биз адилет бийликтин адилет партиясы экендигибизди көрсөтөлү деп бардык жерге айтып түшүндүрүп келатабыз. Утулгандан кийин эртеңки күнү бир нерсе деп айтыш керек да, айтууга материалдарды топтоп атышса керек менин оюмча.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG