Жалалабат шаарынын тургуну Нуруслан Ташбаевдин айтымында, жергиликтүү бийлик административдик ресурстарды кеңири колдонуп жатат. “Ак жол” партиясынын тизме башында турган адамдар менен жолугушууга казыналык мекеме-уюмдардын кызматкерлери чакыртылууда.
- Бүт жерде район, айыл өкмөттөргө чейин “Акжол” партиясынын өкүлдөрү административдик ресурстарды күчүнүн болушунча пайдаланып жатышат.
Референдумда Конституцияга кандай жаңы өзгөртүү-кошумчалар киргендигине элет калкы жетишээрлик маани берген жок. Ошондуктан өлкөнүн жаратылыш байлыктарын менчиктештирүү тууралуу берене да кабыл алынып калды. Ушундай ойдо болгон облустун жашоочусу Жамила Орунбаеванын пикирине караганда каалабаса да мектеп мугалимдери “Ак жол” партиясынын катарына кирүүгө аргасыз болууда.
- Жумурай журт азыркы жүрүп жаткан саясаттын маңызын толук түшүнө алышпайт. Референдумда дагы кайсы беренеге кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин деле элдин баары билбей калды. Менин жеке өзүмдүн пикирим Конституциянын 4-беренесиндеги айтылган Кыргызстандын жер байлыктары ресурстары, кен байлыктары, алтындары бардыгы жеке кишиге өтөт дегенге каршымын. Кааласа, каалабаса дагы анкетаны алып келип берип, мына “Ак жол” партиясына өтөсүң деп чөнтөгүнөн акча төлөп жатышкансып, мугалимдерге берип алардын сүрөтүн талап кылып, кадимкидей эле үгүт иштери жүрүп жатат, - дейт Жамила Орунбаева.
Бир партияга үгүттөөлөр күчөп жаткандыктан парламенттик шайлоонун калыс жана адилеттүү өтөөрүнөн күмөн санаган жарандар арбын. Буга байланыштуу ”Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Мунарбек Жоргомов көпчүлүк шайлоого баруудан эмитен эле баш тартууда деген оюн айтты.
- Көпчүлүк элде барибир “Ак жол” партиясы шайлоодон башка жолдор менен утуп чыгат деп шайлоого барбайбыз деген түшүнүк бар.
Жарандардын таза шайлоодон үмүттөрүн үзө баштагандыгына эл арасында “Ак жол” партиясы көпчүлүктүн добушуна ээ болот деген пикир себеп болууда. Залкар Заиров аттуу турган “Ак жол” партиясы үчүн коомчулук арасында үгүт иштери күчтүү экендигин байкаган.
- Мамлекетке караган баардык коомдук жайлар, окуу жайлар болобу “Ак жол” партиясына добуш бергиле деп айтып жатышат.
Анткен менен мындай пикирлерге Аксы районундагы тургун Сагын Ызабеков кошулбайт.
- Эгер “Ак жол” партиясына нааразычылыгы болсо, ал административдик кысым көрсөтүлүп жаткан фактылары болсо башкача жолдор менен деле бүтүрсө болот,- дейт Сагын Ызабеков.
Жергиликтүү бийлик “Ак жол” партиясына жан тартуудан алыс. Казыналык мекеме-уюмдардын кызматкерлери президент түзгөн саясий уюмдун үгүт иштерине тартылып жаткандыгы тууралуу ой-пикирлер туура эмес. Ушундай оюн айткан облустук бийликтин бөлүм башчысы Кадырбек Бечелов мугалим-дарыгерлердин үгүт иштерине аралашканын көрбөгөнүн билдирди.
- Менин оюмча бул туура эмес. Ар бир Кыргызстандын жараны шайлоого барып, добушун бериш керек. Үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн бюджет кызматкерлерин көргөн жокмун. Алар өзүлөрүнүн кызматын аткарып жатышат,- дейт Кадырбек Бечелов.